Базар-Коргон районунун спорт комитетинин төрагасы Максатбек Таштанов:   “Спортту өнүктүрүү үчүн талыкпай иштеп жатабыз”

Базар-Коргон районунун спорт комитетинин төрагасы Максатбек Таштанов: “Спортту өнүктүрүү үчүн талыкпай иштеп жатабыз”

29.02.2020 Выкл. Автор bulut.kg

“Мезгил мыктысы”  жана башка  көптөгөн сыйлыктардын ээси Максатбек мырза менен маектештик.

-Базар-Коргон районунда спорттун деңгээли кандай?

  • Базар-Коргон районунда мурунку жылдарга салыштырмалуу спорттун деңгээли абдан жакшы деп ишенимдүү айта алам. Жаш муун спорттун бардык түрү менен машыгып, кызыгуусу,умутулуусу артып жатат.

Спортко акча жок деп Өкмөттү карап олтурбай, айыл өкмөттөрдөн топтоп, спортчуларды оюндарга алып барып, катыштырып келүүдөбүз. Кудайга шүгүр, жеңиш менен ийгиликтерди багындырып, кубантып жатышат.

  • Аларды санай кетсеңиз..
  • Кыргыз спортунун түрлөрүнөн баштап,  эркин күрөш, шахмат, тогуз коргоол, эрежесиз эр мушташ, кунг-фу, кол күрөш жана башка спорттун түрлөрү. Көк бөрүгө кызыккан уландар да көп. Көк бөрү ойноочу аянтча мурун жок болсо, азыркы тапта эки жерге курулуп, бул жаатта да өсүп келе жатабыз. Ар бир оюнда жогорку деңгээлде аргымактарыбыздан бери таптап, даярдануудабыз… Айыл өкмөттөр арасында тынымсыз апта сайын көк бөрү оюну ойнолууда. Кудайым буйруса, республикалык, эл аралык деңгээлге чыгабыз деген изги тилегибиз бар.
  • Өкмөттөн жардам көрсөтүлбөйт экен да?..

Ырас, Өкмөттөн жакшы жардамдар болуп жатат. Ал жакты эле карап отура бербей, өзүбүз дагы аракет кылып, спортту өнүктүрүүгө далалат кылып жүргөн чагыбыз. Жаш спортчулар спорттун түрлөрү боюнча акысыз машыгышат. Ал жактагы шарттарды жакшыртууга бар күчүбүздү жумшоодобуз.

  • Спортто атаандаштык күчтүү экенин бардык эле спортчулар айтып келишет. Кээ бир кезде оюндар таза өтпөй, коррупциялашып кеткенин да билдиргендер болгон. Сиздерде да андайлар болбой койбосо керек?
  • Спорт оюндарда андай нерселер болуп жатат деп айта албайм. Балким чындап эле кээ бир оюндарда болсо болгондур. Ал эми жогору жактан бизге канча акча бөлүнүп келсе, биз толук жеткиребиз. “Жеп коюптур, минтип коюптур” деген пикирлерге таптакыр кошула албайм.
  • Жакшы экен, спорт жаатында келечекте кандай пландар бар?
  • Келечекке койгон пландарыбыз өтө көп. Өлкөбүздүн намысын коргой турган улан-кыздарыбызды татыктуу тарбиялап, дүйнөлүк деңгээлдеги спорт оюндарына талбай катыштырып туруу бирден-бир милдетибиз деп билем. Кудайым буйруса, спорттук жайларды куруп, бул багытты өнүктүрөбүз деген аруу максат-ойдомун.
  • Спортко кантип келип калганыңыз окурман үчүн кызык…
  • Азыр сиз суроо берип жатсаңыз дароо кенже класста окуган  кезимде “дене тарбия мугалими болом” деп дилбаян жазганымды эстеп кеттим. Жаштын тилегин берет деген чын экен, Кудайым бала чактан эңсеген кесибиме жетип кыялым орундалды. Буга чейин бир нече мектептерде дене тарбия мугалими болуп эмгектенип келдим. Бул кызматка 2017-жылы дайындалып, андан бери жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алдым.

Мурунку жана азыркы абалды салыштыра келгенде, бир топ өзгөрүүлөр болду. Аны спортчу улан-кыздар, мугалимдер, ата-энелер, жалпылап айтканда Базар-Коргон калкы жакшы билишет. Жакшы сөздөрдү гана угуп келүүдөмүн. Буйруса, жакшы иштөөнүн аракетиндебиз.

  • Анда  спорт темасынан алыстап,  үй-бүлөңүз туурасында айтып берсеңиз?
  • Үч кыз, беш уулум бар. Жубайым экөөбүз балдарыбызды татыктуу тарбиялап өстүрүүнүн аракетиндебиз.
  • Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Спорт дүйнөсү дагы далай өнүгөт деп ишенебиз…