Базар-Коргон районунда согуштун ардагерлери сыйланды

Базар-Коргон районунда согуштун ардагерлери сыйланды

28.04.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Улуу Жеңишке 75 жыл толот. Биздин жаркын келечек үчүн, курман болгон аталарыбыздын эрдиктерин эскерип жүрү, ал эми ушул учурда арабызда жашап жаткан баатыр аталарыбыздан кабар алып туруу биздин милдет. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун  аким  Козуев Бакыт, акимдин биринчи орун басары Нармырзаев Нургазы  жана Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Калмаматов Мунарбек, Улуу Жеңиштин 75-жылдыгына карата, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана  тылда эмгектенген, ардагерлердин абалынан кабар алышты. Алардын ал ахвалдары менен  жакындан таанышып гана тим болбой, мамлекеттен бир жолу берилүүчү акчаны ардагерлердин  үйлөрүнө жеткирип беришти.  Бүгүнкү күндө, Базар-Коргон району боюнча алты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана жети тылдын эмгекчи ардагери жашайт. Мамлекет тарабынан согуштун ардагерлерине жетимиш беш миң сомдон, тылдын ардагерлерине он беш миң сомдон, ал эми Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө акча каражаты берилди. Андан сырткары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, ар ай сайын жети миң сомдон акчалай компенсация, он миң сомдон стипендия социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан төлөнүп келүүдө.

Булак: BULUT.KG