Базар-Коргон районунда июнь окуясы эскерилди

Базар-Коргон районунда июнь окуясы эскерилди

13.06.2020 Выкл. Автор bulut.kg

2020-жылдын 13-июнунда Базар-Коргон районунда 2010-жылдагы каргашалуу окуялардын 10 жылдыгына карата, июнь окуясында каза болгондордун жаркын элесине таазим этип, келечекте мындай окуяларды болтурбоо жана элдин тынчтыгын, ынтымагын жана биримдигин сактоо максатында   эскерүү иш-чара болуп өттү.

 2010-жылдагы  болуп өткөн каргашалуу окуяда каза болгон милициянын майору М.Сулаймановдун эстелигине гүл коюлуп, куран түшүрүлдү. Иш-чара  райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында улантылды. Иш чарага  июнь окуясында каза болгондордун жакын туугандары, айыл өкмөт башчылары, мекеме жетекчилери катышышты.

Эскерүү иш чара бүткөндөн кийин, июнь окуясында каза болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө райондук мамлекеттик администрациясы  жана Сейдукум айыл өкмөтү ошондой эле Акман айыл өкмөтү тарабынан акчалай материалдык жардам көрсөтүлдү.

Булак: BULUT.KG