Базар-Коргон районунда жаңы кадам  конференциясы болуп өттү

Базар-Коргон районунда жаңы кадам конференциясы болуп өттү

14.08.2023 0 Автор bulut.kg

10-августа Базар-Коргон районун борбору Базар-Коргон шаарында жаңы кадам конференция, жана көргөзмө болуп өттү. Ал көргөзмө, социалдык жардамдын негизинде жүз миң сом алып, ишкерликке   кадам таштап, ишкерлик баштап гана тим болбостон жумуш орун түзүп жаткан инсандар катышты.  Конференциянын негизги максаты 2023-жылдын сентябрь айында борбор калаабыз Бишкекте өтүүчү конференцияга Базар-Коргон районунан отуз үч же отуз төрт делегатты шайлоо жана жаңы түптөлүп келе жаткан ишкерлердин иштери менен таанышуу эле.

Иш чарага Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орунбасары Асел Сансызбаева, Бирикккен улуттар уюмунун азык түлүктү колдоо программасынын социалдык контрактын координатору Самаган Асанов, Базар-Коргон райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Мунарбек Калмаматов, Базар-Коргон райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Абдибали Тойчиев ошондой эле убактылуу комиссиянын мүчөлөрү жана чакырылган коноктор катышышты.

 

Булак: BULUT.KG