Базар-Коргондун, эл камын ойлогон уулдары
23.08.2020


Элдин бары шайлоо менен алек болуп жүрсө, Базар-Коргон районунун мекенчил жаштары элдин камын ойлоо менен убара болгону көңүл кубантат. 17-августь күнү Германия Федеративдик Республикасынын Бишкектеги элчилиги 837миң250сомдук гум жардамды Базар-Коргон элине узатты. Жардам алуу долбоору карантин учурунда Мекеним Ала-Тоо бирикмесинин төрагасы Давлет Арзикулов жана Туралы Тиленбаев тарабынан жазылган. Гуманитардык жардам район боюнча 770адамга берилди. Гуманитардык жардам алган жарандар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана өтө жакыр үй-бүлөлөр. Жардам Базар-Коргон районунун администрациясынын аянтчасында уюштурулуп, район башчысы аким Бакыт Козуев өзү катышып, гуманитардык жардам узаткан Германия элинин элчилигине ыраазычылык билдирди. Буга чейин да элчиликтен жардамдар берилгенин баса белгиледи. 770адамдын өздүгүн тактоодо райондук эмгек жана социалдык башкармалыгынын кызматкерлери көмөк көрсөтүштү. Ар бир гуманитардык пакеттин ичинде 1090сомдук, күнүмдүк колдонулуучу 10кг ун, 5кг макарон, 3литр май, 1кг ак кант, 6даана самын, 1даана чай салынган. Ушундай кырдаалда эли жерин ойлогон азаматтарды алкоодон башка сөз жок! Депутат болом дебей жөн гана атуулдук милдетин аткарып, жердештеринен жардамын аябаган Давлет Арзыкулов жана Туралы Тиленбаевдин ишине ийгилик каалайбыз. Ушундай мекенчил уулдар көп болсо экен деген тилек кылабыз

Айтунук Кубанычбекова
Булак: BULUT.KG