Бажалар башкарган заман

Бажалар башкарган заман

14.10.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Соода-өндүрүштүк палатасы өлкөгө инвестиция тартып экономиканы көтөрүүнү максат кылбастан, ич ара кызмат талашып кырылышып жатканын маалымат каражаттары жазышуда. Башкача айтканда, Соода-өндүрүштүк палатасынын вице-президенти Асанкул Искаков менен Соода-өндүрүштүк палатасынын түштүк боюнча дагы бир вице-президенти Эргешов Орозбек экөө мекемеде өз билгендерин жасап, өтүктөрүн төргө илип алышканы сынга алынууда. Мекемеде ким жакпаса иштен алуу, кимди кааласа кызматка койгон өнөкөт күч алган. Мындай талканды Эргешов менен Искаков чалып жатыптыр. Экөө бажа болушат экен.

Булак: «Фабула»