Бабанов менен Исаев эмне жөнүндө сүйлөштү?

Бабанов менен Исаев эмне жөнүндө сүйлөштү?

17.07.2019 Выкл. Автор bulut.kg

“Москвада Өмүрбек Бабанов менен жолугуп, саясаттан тышкары башка жеке маселелер боюнча сүйлөштүк” деп жергиликтүү ММКлардын бирине Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев билдирди. “Москвага башка жумуштарым менен баргам. Бабанов өзү чалып калды. Ал мекенине келе албай жатканынан өзүм ага барып жолуктум, анткени мурда бир партияда элек, президенттик шайлоодо да чогуу болгонбуз. Саясаттан тышкары башка маселелер боюнча сүйлөштүк”, – деди Исаев. Ошондой эле депутат экс-президент Алмазбек Атамбаевдин байыганы боюнча Орусиядан жана Түркиядан жооптор келе баштаганын айтты. “Буюрса, мен айткандай эле болот. Атамбаев мактангандай эмес” деди Исаев. Жай мезгилинде саясатта ыссык болуп турганда саясаттан башка эмнени сүйлөшмөк элеңер. Саясаттын сормо сазы баарыңарды соруп, бир кездери ит мышык болгондорду бириктирип, ынактарды ажыратып, кошоматчыларды көлдөлөң төшөк кылды.

Булак: «Факты.kg»