Аял менен эркек төшөк мамилесинин учурунда 9-кабаттан кулап кетишти
09.07.2019Санкт-Петербургда аял менен эркек жыныстык мамиленин учурунда 9-кабаттын балконунан кулап кетишти. Бул тууралуу «Фонтанка» басылмасы кабарлады.
Жерге түшкөндө аял каза тапкан, анын үстүнө кулаган эркек аман калып ордунан туруп басып кеткен.
Окуя 5-июлга караган түнү болгон. Окуянын күбөлөрүнүн бири бул тууралуу жергиликтүү укук коргоо органдарына кабарлаган.
Полициялар окуя болгон жерге келгенде, каза тапкан жылаңач аялдын жанында кошо кулаган сынык телевизор жаткан.
Учурда иликтөө иштери башталды.
Булак:barometr.kg