Аялы жок эркек 1 жыл бою 14 жаштагы кызын зордуктаган, экинчи кызына тийишкенде кармалды

Аялы жок эркек 1 жыл бою 14 жаштагы кызын зордуктаган, экинчи кызына тийишкенде кармалды

30.05.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Алты баланын атасы бир жыл бою өзүнүн 14 жаштагы кызын зордуктап, андан  соң улуу кызына да тийише баштаганда кармалды. Чындыктын бети өз кыздарын катуу урган күнү ачылганын Mash порталы жазды.

Окуя Россияда Уралда болгон. Бир караганда үй-бүлө үлгүлүүдөй көрүнөт. Атасы камкор, балдарынын багуусу, кийингени жакшы.

Бирок абал жакшы эмес эле. Жалгыз бой ата бойго жете элек кызын зордуктап, андан улуусуна да тийишип келген.

Жакында педофил бойго жетип калган улуу кызынын жыныстык жашоо менен жашаарын, анын кыз эместиги боюнча телефондо жигити менен жазышкандарын окуп калган.

Ошондо ачууланган зордукчу келип, кыздарын катуу сабаган. Алар тайэжесине качып барып, болгон окуяны айтып беришкен. Ал полицияга жардам сурап кайрылган. Педофил учурда камакка алынды.

Булак:barometr.kg