Аялдардын узак жашоо сырлары
23.08.2019Туура тамактануу
Рационуңузда түрдүү мөмө-жемиштер, калориялуу тамак-аштар жана жашылчалар болгону оң.
Кыймыл-аракет жасоо
Эртең менен турганыңызда жок дегенде 10 мүнөт көнүгүү жасаңыз. Аэробика, фитнес, сууда сүзүү ийримдерине жазылып, жумасына эки жолу барыңыз. Кечкисин жөө басууну адатка айлантыңыз. Кыймыл-аракеттерден башка өзүңүз сүйгөн жумуш менен алектениңиз. Ар дайыма изденүүдө, бир орунда турбай өнүгүүдө болуңуз.
Зыяндуу адаттардан алыс болуңуз
Мисалы, ичимдик ичүү, тамеки чегүү сыяктуу. Кечинде чөнтөк телефон кароодон алыс болсоңуз уйкусуздукка кабылбайсыз.
Өзүн-өзү жакшы көрүү
Аял киши күнүгө эртең менен турганда, өзүнө-өзү мыкты маанай тартуулап, мен сулуумун деп турушу керек.
Ар түрдүү оорулардын алдын алыңыз
Жылына бир жолу гинеколог, кардиолог, невропатолог жана тиш доктурларынын көзөмөлүнөн өтүңүз. Кан басымыңызды өлчөтүп, кан анализдерин бир жылда бир жолу тапшырып турганыңыз жакшы.
Жакын адамдарыңызга жылуу маанай тартуулоо
Сүйүктүүңүзгө жана жакын адамдарыңызды канчалык жакшы көргөнүңүздү эскертип туруңуз.
Булак: zaman.kg