Ахматбек Келдибеков, ЖКнын экс төрагасы, досу: “Улугбек Ормоновдун туруктуу мүнөзү, лидерлик сапаты бар”
30.12.2019Жакшы адам жаныңызда
Жакшы адам жаныңызда аттуу рубрикабыздын бүгүнкү коногу Улугбек Ормонов болмокчу. Улугбек мырза тууралуу замандаштарынын пикирине күбө болуңуздар.
Ахматбек Келдибеков, ЖКнын экс төрагасы, досу:
“Улугбек Ормоновдун туруктуу мүнөзү, лидерлик сапаты бар”

- Улугбек Зулпукарович экөөбүз Воронежде чогуу окудук. Мүнөздөмөсүн, өмүр жолун менден өтө эле жакшы билсе бир туугандары, анан жакындары билбесе мен аябай жакшы билем. Туруктуу мүнөзү, лидерлик сапаты бар. Ар дайым алдыга карай умтулат. Мисалы, ошол Воронежде жүргөндө кыргыздардын арасында мекенчил, активист жана жөндөмү күчтүү уюштургуч жигит деп таанышчу. Ар бир студенттин жашоо-турмушунан кабардар эле.
Жогорку окуу жайды бүтүп келгенден кийин эмгек жолун азыркы “Дастан” мурдагы физприбор заводунда жөнөкөй мастерден баштап, президентине чейин жетти. Ошол заводдун бүгүнкү күндөгү ар бир кичинекей буроосуна чейин Улугдай билген кыргыз адистери жок десем жаңылышпайм.
Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышына депутат болуп олтурат. Биринчи жолу депутаттыкка талапкерликке чыкканда чоң мелдеште утуп келди. Андан кийин партиянын лидери болду.
Мен биздин достук сезим кандай десе, “ар дайым артымда тирей турган, ишеничтүү жакшылыкты-оорчулукту да бөлүшкөн таяна турган досум” деп айта алам. Менин башыма оор күн түшкөндө Алмазбек Атамбаевдин учурунда Улугбек досум жанымда болду. Мени колдогондугу үчүн досумдун баласын, өзүн, туугандарын куугунтукташты. Ошого карабастан досчулуктун белгиси деп жанымда туруп, оор күндөрүмдү чогуу бөлүшкөн.
Улугбек Ормоновдун жакшы сапаттары аябай көп. Саясатта туруктуу, ал позиция, оппозиция болобу саясаттагы адамдардын көпчүлүгү Улугбекти бир мүнөздүү инсан катары билишет. Мен ишине ийгилик каалайм. Кудайым буйруса, Улугбек Зулпукарович депутатыкка караганда министр, жетекчи болуп иштесе, мен ойлойм, мамлекетке өтө чоң пайда алып келмек.
Гульнара Алыбаева, курсташы:
“Улугбегибиз мекенчил, чынчыл, адилеттүү”

— Мен Улугбек Ормонов менен 1981-жылы Воронеж шаарында таанышкам. Ал полихтехникалык институтка өткөн. Мен болсо Воронеждеги мамлекеттик университетинин филология факультетинде окучумун. Улугбек өзүнүн адамгерчилиги бийиктигин, өзгөчө экенин студенттик кезинде эле көрсөтө алган. Ошол кезде эле лидер болчу. Өзү менен окуган, курстагы балдарга жол көрсөтүп багыт берип, жакшы жакка үндөп, өзүнүн мекенчилдик сапаттарын көрсөтчү.
Студенттик күндөрүбүз өткөн соң ар кимибиз туш тарапка тарадык да бир топ жылдан кийин кезиктик. Биз жолукканда Улугбек “Дастан” корпорациясынын генералдык директорунун орун басары болуп турган экен. Жолукканда ойлодум, мүмкүн бизди тааныбай текеберленер дедим. Улугбек баягы эле студенттик кезиндегидей жайдары, тосуп алды.
Кийинки кезде Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болду . Кандай гана маселе менен барбайын ал бир заматта чечип берет. Даанышман, көрөгөч, көсөм, бардык темада сүйлөшсөң кадимкидей чер жазылат. Кандай суроо бербе — жооп берет. Мен депутат элемин деп бой да көтөрбөйт. Эң башкысы, Улугбек Ормонов өзгөчө инсан. Бир сөз менен айтканда, биздин Улугбегибиз мекенчил, чынчыл, адилеттүү. Кыргыз тарыхында орду бар мыкты депутаттардын бири деп билем.
Турат Сартбаев, Ооган согушунун ардагери, классташы:
“Улугбек балалыгынан эле зирек болчу”

- Улугбек балалыгынан эле зирек болчу. Экөөбүз коңшу турганыбыз үчүн чогуу ойночубуз. Биздин бала кезибизде поляктардын “Төрт танкист бир ит” деген киносу коюлчу. Ал кинодо танкисттердин командири Яник деген бар эле. Ошол кинонун таасиринен уламбы танкисттер оюнун ойночубуз. Улугбек ошол танкисттердин командири Яникмин деп астыга танканы коюп алчу. Өзү кичинерээк бала болчу, негедир командирликти эч кимге берчү эмес. Экөөбүз бир класста он жыл бирге окудук. Азыр кээде достор чогулганда тамашалап калабыз “бала кезде эле кудай сага оозуңа салган экен, мына минтип элге командир болуп жүрөсүң” деп. Мектепте да аябай жалаң бешке окуган.
Улугбектин өзгөчөлүгү досторго, тууганга болгон мамилеси өтө жакшы. Мындай киши табылышы кыйыныраак, чанда кездешет.
Воронеж шаарындагы окуу жайга өз күчү менен өтүп, окуду. Мен армиядан келгенимде мени дагы Воронежде окуйсуң деп алып барган. Мен ал кезде Ооганстанда кызмат өтөп келгемин. Окууга тапшырып өттүм, бирок, үй шартыма байланыштуу окуй албай калгам. Улугбекти канчалык мактап жазсаң жарашат, анткени айтканы менен аткарганы дал келип турат. Анын өтө жөнөкөйлүгүн тааныгандын баары ачыкташат.
Абдирашит Сооронбаев, досу:
“Биз жашаган бөлмөнү тазалаганда кол учунан тазалачу”

-Улугбек Ормонов менен студенттик турмушту бирге өткөргөнүм анык. Турмушта беш кайып болот деп коёт. Мен алтынчы кайып достуктун кездешүүсүн айткым келет. Биринчи жолу кездешкен убакыт 1982-жылдын августь айынын аягы. Бир бөлмөдө жашадык, студенттик убакыт жакшы мезгил эмеспи. Улугбек өзү шайыр, орто бойлуу, оңой менен көңүлү бузулбай турган, сынаганга дилгир, сезимталдыгы курч жигит эле. Гитара чертип ырдачу.
Бир бөлмөдө жашаганда бөлмөнү тазалоо, кезек менен тамак бышыруу милдеттери экөөбүздүн ортодогу мамилени кыйла сынады. Өйдө-ылдый кыймылдар көп болду. Биз жашаган бөлмөнү тазалаганда кол учунан тазалайт эле артынан өзүм тазалап чыкчумун.
Студенттик жатаканада жашаган мезгилде эртең менен эрте туруу биз үчүн аябай кыйынга турчу. Биздин эртең мененки тамагыбыз түшкү 12де болчу. Кечки тамагыбыз макарон менен картошка кууруп суу куюп дымдоо болчу. Улугбек Ормоновдун бир билген тамагы ушул. Анан жумуртка кууруганды билчү.
Стипендиябыз кырк рубль эле. Ал чындыгында бизге кенен жетчү эмес. Кошумча үйдөн акча салып турушчу. Улугдун бир туугандары кыйла улуу болгондуктан, мага караганда ага көп акча келчү.
Дүйнөлүк футбол чемпионаты болгондо лекцияга барбай түстүү телевизордон көрчүбүз. Жаштыктын жалындуу кездерин бир бөлмөдө өткөрдүк. Эң негизгиси, ошол кезде эле адамгерчилиги бийик жигит эле.
Болотбек Дыйканбаев, Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары:
“Саясатта ичине кир сактабаган, өзүнө каалаганды бирөөгө да каалай билген инсан”

— Улугбек Ормонов жөнүндө канча жакшы сөз айтсак жарашат. Жогорку Кеңешке үч чакырылышта депутат болуп шайланып, алгылыктуу иштеп ийгилик жарата алган. Шайлоочуларына берген убадаларын так аткарып келет. Ар дайым тыгыз байланышта иш алып барат. Кайсыл маселе болбосун жеринде чече билет. Жалгыз гана Өзгөн районуна гана эмес, мен билгенден өлкөбүздүн бардык аймактарына жардамго колун созот. Иш билги, көрөгөчтүк сапаты бар.
Улугбек Ормоновдун атасы Зулпукар ата көп жылдар бою өлкөбүзгө эмгеги сиңген инсан болгон. Атасынын элесин өчүрбөй он жети жылдан бери 1-2-майда Зулпукар Ормоновдун жаркын элесине арналган спорттук мелдешти Өзгөн шаарынын борбордук стадионунда өтө чоң деңгээлде уюштуруп келет. Зулпукар Ормонов атындагы спорттук турнир Өзгөн районунун иш планына кирген. Он жети жылдан бери жалпы район элине майрамдык маанай тартуулап, бата алып, атасынын элесин жүрөгүндө саптап келгени баатырдык. Иш-чара мамлекеттик деңгээлде өтсө дагы кээ бир замандаштарга окшоп, саясатташтырбаганы мени кубантат. Улугбек Ормонов — саясатта ичине кир сактабаган, өзүнө каалаганды бирөөгө да каалай билген инсан.
Булак: Bulut.kg