Атыргүл Абдыкалыкова: “Гүлдөр да адам сыяктуу, жакшы мамилени сүйүшөт”
16.06.2020

Бажырайып ачылган гүлдөрдү көргөндө ар бир инсандын жан дүйнөсүндө жагымдуу маанай жаралаары анык. Биз бүгүн кадимки эле бакча гүлдөрүн жана бөлмө гүлдөрүн өстүрүп сатып, гүл дүйнөсүн бизнеске айланткан атына заты жарашкан Атыргүл Абдыкалыкованы кепке тарттык.


- Атыргүл айым, гүл бизнеси менен алектенип калганыңызга эмне себеп болду?
- Менин бул бизнеске аралашканыма гүлдөргө болгон кызыгуум жетелеп келди окшойт деп ойлойм. Бала күнүмдөн бери эле, гүлгө болгон мамилем өзгөчө.
- Гүлдөр жөнүндө ар кандай мистикалар айтылып кетет сиздин буга оюуңуз кандай?
- Мен негизи өзүм мистикага анча ишенбеген үчүнбү, андай нерселерге маани бербейм.
- Ал эми, гүлдөр бакыт, байлык, ырыскы чакырат дешет сиздин көз карашыңыз?…
- Эми кандай десем, ырыскыны Аллах берерине ишенем. Ал эми гүлдөрдүн үйгө кооздук тартуулап, жакшы маанай жаратып, үйдүн атмосферасын өзгөртүп, абаны тазалай алат деп ойлойм.
- Сиз көбүнчө гүлдөрдүн кайсыл түрүн өстүрөсүз?
- Негизинен мен гүлдөрдүн ар кандай түрлөрүн өстүрөм. Бакча гүлдөрү, бөлмө гүлдөрүнүн жаңы түрлөрүн Голландиядан, Кытайдан буйрутма менен алдырам. Чет өлкөдөн келген гүл түрлөрүн өзүбүздүн шартка ылайыкташтырып өстүрөм.
- Гүл өстүрүүнүн сырлары менен бөлүшө кетсеңиз?
- Гүлдүн сырын билүү үчүн аны өстүрүү керек. Ал эми гүл өстүрүүнүн сырын билүү ар тараптуу. Ар бир гүлгө өзүнчө мамиле талап кылынат. Күндү жакшы көргөн гүлдөрдү күн жакшы тийген, ал эми күндү анча жактыра бербеген гүлдөрдү көлөкөдө өстүрүү шарт. Гүлдөр да адам сыяктуу, жакшы мамилени каалайт. Суусун убагында куюп, жакшы топуракка олтургузуп көңүл бөлсөң гүлдөр кулпуруп, керемет ачылган гүлдөрү менен кубантат.
Атыргүл айымдан гүл сатып алууну каласаңыз байланыш телефону: 0705-65-83-85






Мөлтүр Тилекова
Булак:BULUT.KG