Атасы менен энеси өздөрүнүн 16 жаштагы кызын зордукташкан
08.07.2019Россиянын Ленинград областында үрөй учурган окуя катталды. Өзүнүн 16 жаштагы кызын зордуктоого шектелип ата-эне кармалды. Бул тууралуу www.mk.ru булагы кабарлады.
Ленинград областында Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгы берген маалыматка таянсак, кыздын 34 жаштагы атасы зордуктоого шектелип кармалган. Бирок текшерүү иштеринин маалында энеси буга активдүү жардам бергени аныкталды.
“Атасы кызына зомбулук көрсөткөн, ал эми энеси кылмышка көмөкчү болгон”,-деп кабарлашты аймактык Тергөө башкармалыгынан.
Тергөөчүлөр жубайларды кармашып, айып тагышты.Учурда иликтөө башталды.
Булак:barometr.kg