Атасыз төрөлгөн наристе

Атасыз төрөлгөн наристе

22.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Негедир акыркы күндөрү бир эже менен жакын болуп кеттим. Жаркылдаган баары түгөлдөй шайма шай  болгону менен, көздөрү муңайым. Дайыма бир ойдун кучагынан суурула албай тургандай элес калтырчу.

Жумушума байланыштуу сырдаш боло түштүк. Күндөрдүн биринде эже  сабыры суз  жолдошум ооруканада, кызым  ооруп, төшөктө көзүнө жаш тегеренди.

Бир кезде «менин үйүмө барып, чай-пай ичип кет кенен-кесир сүйлөшөлү. Качантан бери ичимдеги өлсөм өзүм менен  кошо кетет деген купуя сырымды сени менен бөлүшөйүн»-деди.

Макул көрүп ээрчип алдым. Заңгыраган үч кабат үйдүн жанына такси бат эле жеткирди. Келишкен дарбазаны ача бергенде  астыбыздан эшектей болгон  ит арсылдап тосуп алды. Короо толо гүлдөрдү көргөнүмдө гүлдөр дүйнөсүнө туш келгендей жан дүйнөмдү башкача аруу сезим аралап, өткөндөй таасирлендим. Жол баштаган эже үйгө кирүүмдү өтүндү. Үйдүн ичине баш бакканда экзотикалык токойдо жүргөндөй болдум. Шагы ийилген банан, лимондорду  көргөндө оозум ачылды. Ал гана эмес, банандар арасында кичинекей жолборстун баласы тура калчуудай түктүйөт. Чочуп кеттим, анымды байкай койгон эже ал жасалма кызым жасаган, «ушундай нерселерди жасаганды жактырат»-деп койду. Ашканага баш бактык. Бүгүн жакшылап конок бол! « Жан дүйнөмө көптөн бери тынчтык бербеген, катаал тагдырымды шашпай айтып берейин. Акыркы күндөрү көп ооруйм,  ичте кетсе өкүт болуп калбасын»-деген болду ойлуу. Стол үстүн жайнатып, сөзгө кирди.

Балалыгым эң сонун өттү. Бир-туугандар бир жаштан катар төрөлгөнүбүз үчүн мени таэнем колуна алган.Үйдүн эркеси болуп, бой жеттим, өз билгенимди койбогон өжөр, тентек кыз болуп чоңойдум. Мектепте жакшы окудум. «Келечекте  комбайын айдасам»-деп, кыялданчумун.

Менин балалыгым өткөн айыл аябай керемет жер эле. Жазындасы айлананы жашылга орогон бир укмуш гүлдөр өсүп чыкчу. Ал эми ак төөнүн карды жарылган күз келгенде, пахтазарлуу айыл болгондуктан, ак пахта учу кыйырына көз жетпегендей, кол менен жасап койгондой, кооздукка бөлөнчү. Ошондой табигаттын кооздугуна аралашып, бактылуу балалыгым өттү.

Биздин айыл тоо койнунан алыс жайгашкандыктан, азын оолак мал жаныбызды аркан менен байлап, караганга мажбур элек. Бармактай кезимден таятамдын атына учкашып, малга жакын өстүм. Кийинчерээк  бир аз эстартканда таятам ооруп калып, мал караш менин вазийпама өттү. Сабактан соң мал карайм, үй жумуштары менен алек болом.

Таятам элдик  эпосторду жатка билген. Ырларды куюулуштуруп, айткан акылман адам эле. Элибиздин түгөнгүс дөөлөттөрүн мага эрте таанытты. Улутубуздун  улуулугу  жазылбаса да ооздон оозго айтылып келген Манасыбыз жана башка чыгармалар деп сыймыктанчу.

Жайдын акыркы күндөрүндө таятам дүйнө салды. Жашоомдогу эң алгачкы жоготуум эле. Балалык  дүйнөмө бүлүк түштү. Биринчи жолу  жан дүйнөм жабыркап, балалыгымдын асманы бүркөлдү. Баягы эрке кыялымдын бири жок. Бат эле чоңойо түшкөнсүдүм, түнт да болуп кеттим. Таятам өткөн соң өлүм туралу ойлоно баштадым.

Адамдар эмне үчүн өлөт? Суроо көп, жооп жок. Адашкан улактай баарынан алыстайм. Таятам кайрылып келчүдөй тымызындан жол карайм, күтөм. Көңүлсүз күндөрүм өтүп жатты. Эч ким менен сүйлөшпөйм, дилиме кандайдыр кайрыктар келет. Калем сап алып ак баракка жазсам муңдуу ыр саптары келип чыгат. Эрмегим ыр жазуу болуп калды. Таэнем менен гана сүйлөшкөнүм болбосо башкалардын бар жогун эске албайм.

уландысы бар

Булак: Bulut.kg