Атасыз төрөлгөн наристе
15.04.20209-бет

Мени шерменде дедиби, ооба шермендемин да атасыз төрөгөнү жүрсөм, артымдан издеп сурап алар, ата-энем келбесе, жөлөк болор бир туугандан дайын болбосо, сүйөм деген адамымдын караны көрүнбөсө ушинтип тебелешет да деп койом улутуна, Кара жолтой дегенине түшүнө албай турдум. Бала күнүмдөгү бир окуя көз алдыма тартыла түштү: Маңдай жагыбыздагы коңушубуздун уулу Фрунзеде окуп жүрүп, апасынын каршы болгонуна карабай түндүк тараптан үйлөнгөн экен, Жаңы жеңебиз көзүмө ушунчалык сулуу көрүнчү, үстүндөгү гүлдүү көйнөгү тим эле боюуна жарашып, ажарына чыгып тургандай элес калтырар эле. Аты Сонун эле, затыда сонун болчу, бизди бала экен дебей, сүйлөшчү. Көп өтпөй, төркүлөтөбүз деп, ата-энесине бараткан жолдо машина тоо ылдый кулап, кайнатасы каза болот. Арткы машинада келе жаткан кайнежеси жулунуп келип, Сонунду жакалайт, Сен каражолтойсун, сенин айыңан атам өлүп олтурат. Кет…Көзүмө көрүнбө деген экен. Ошол күндөн баштап, Сонун жеңенин азаптуу күндөрү башталган. Өз аты өчүп, кара жолтой аталган, колунан көөрү төгүлгөн ууз болсо да каардуу кайненеге жакпады, кайнежелер болсо адам ордуна көрүшпөйт, жолдошуна ар нерселерди айтып тукурушат, шорду Сонун жеңени кийиздей тепкилейт.
Адаттагыдай Сонун жеңенин ыйы чыгып калды, апам кейип, аа шордуу келин ушул Жаркынбектен жакшылык күтүп, алыс жерден бакыт издеп келип, ушул күндү көрүп жатат деп, кейип калган.
Мен тим турбай, апа ал «кара жолтой» турбайбы? Десем, апам чочуп, ок антип сүлөчү болбо. Аны сага ким айтты?
— Марат айткан ушул кара жолтой келип, таятам каза болгон деген.
— Мараттын айтканына ишенбе, айта берет. Бул деген маңдайга жазылган тагдыр, аны эчким өзгөртө албайт. Сонун жакшы келин, момунду бир жолу басмырлап алышты.
— Апа үйүнө кетип калбайбы? — Ээ балам Сонундун өз энеси жашында каза болуп, өгөйдүн колунда чоңойуптур. Өгөй энеси күйөөгө берем десе, Жаркын менен качып келген да шоркелдей. Кийинчерек эгиз уулду болушту, балдар деле үй-бүлөнүн ынтымагын сактай албады, Жаркын акем көп ичип кетти, айылдын четиндеги бозо салган бой келин Салиманын үйүнөн чыкпай калды. Сонун жеңем жол карап, эле жүрчү. Барган сайын үйгө келгенин да токтотту
уландысы бар.
Булак:BULUT.KG