Атасыз төрөлгөн наристе
06.04.20208-бет

Курбумдун үйүнө барып, ырас жыргап калдым. Айжанат Россиянын жакынкы шаарларына товар ташып бат эле келет, ал келгенде бизге майрам, Атайдын келинчеги жеңесин да өзүнө кошуп алган, Атай балдар менен үйдө экөөбүз эч бет келип, сүйлөшпөйбүз. Негедир мен да аны көргөндө тарткынчактайм,
Айжанаттар келер күнү мен камыр жууруп боорсок бышырдым, боорсок бышайын дегенде такси келип, токтоду, балдар сырты көздөй жүгүрдү, эшиктен шашып кырген жеңебиз ий жакшы оокат кылып жаткан турбайсыңарбы? Мага от жагып жардамдашып жаткан Атай ордунан тура калды.
— Аа келип калдыңарбы?
-Ии эмне келбей калышат деп үмүт кылдың беле?
артынан жете келген Айжанатты көрүп жойпулана, булар боорсок бышырып жатышыптыр, көзүндө огу болсо атып жиберчүүдөй мени карады.
Атайдын келинчегинин теше тиктеген көз карашы карегимден кетпей, түнү бою түйшөлүп, уктабай чыктым. Мени эмне үчүн антип карады, бул көз караштын артында кандай ой жатат деген ойдун жетегинен чыга албай кирпиктүү көзүмдү ирмебей таңды атырдым. Көптөн күткөн таң да атты. Күздүн күнү болгондуктан сырт бир топ суук. Саргайган жалбырактарга тигиле ойго батам, күз мезгили келгенден бери өмүрүмдүн күзү келгендей, кызыктай абалга туштуктум. Үйгө кирип чай ичүүгө чакырганда чочуп кеттим. Каалганын туткасын кармай бергенимде, Айжанаттын катуу-катуу сүйлөп жатканын уктум. Кирип барган мени көрүп курбум, сөзүн токтотту.
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары ойлуу тарта тымпыйышат. Мен билбеген кандайдыр бир окуя болгонун боолголодум. Баары астырттан мени көз кыйыктарынан караганынан улам мен тууралу сөз болгонун түшүндүм. Тасмал четине олтурганым менен ичкеним ирим, жегеним желим болуп, жеген тамагымдын кайда кеткенин билбей бушайман болом.
Айжанат мага эч нерсе айтпаган менен үй ичинде кандайдыр мага тиешелүү окуялар татаалдашып, баратканын жүрөгүм менен туюп жаттым. Кайрадан Орусияга кетер күнү жакындаган сайын жеңенин кабагы ачылбай, бет келген жерде мени жара тартчуудай тигилет. Бара-бара өзүмдү күнөөкөр сезе баштадым, мен эмне кылдым, кай жерден ката кетирдим деп, ыңгайсыз абалга кептелип, жүрдүм, Айжанат эртең жолго чыгабыз деген күнү Атай менен келинчегинин кыйкырышып жатканынан башбага калсам жеңе мени көздөй жулунуп, “баары сен шерменденин айынан болуп жатат, сен биздин турмушка аралашкандан бери, үй-бүлөбүздөн тычтык кетти, Атай мага кол көтөрчү болду” деп, кыйкырды. Ой тоону сүйлөгөн келинчегине жинденген Атай чачынан сүйрөп, Гүлбуракта эмне күнөө, сен ага сүйлөчү болбо, урушту сен баштадың, кыйкырынып жатты. Атайдан жеген таягына ызаланган жеңе мага долулана «кара жолтой» кет жогол деп, кыйкырганда эмне кыларымды билбей элтейдим, там бооруна жөлөнүп калган мени Айжанат колтуктай, сен капа болбо курбум Атайды жеңебиз сенден кызганып жатат десе болобу оозум ошту карап калды. Ээ кокуй мен Атайды бир тууган агамдай көрүп жүрсөм, көзүмдүн жашы көнөктөгөн жамгырдай төгүлүп жатты. Бул дүйнөдөн өзүмдү ашыкча сезип, жалган дүйнөгө жаралганыма нааразы болуп турдум. Мындай абалга түшкөнүмө кимди күнөөлөрүмдү билбей ыйлай бердим. Өксүп жаткан мени бооруна кыса Айжанат кантип соороторун билбей кошо ыйлады. Айжанат кыйкырып урушуп, ага жеңесин тыйгандай болду мага болсо баары бир. Тамдын бурчуна жөлөнүп, бир чекитти тиктеген тейде томсором.
уландысы бар
Булак: BULUT.KG