Атасыз төрөлгөн наристе

7-бет

     Ээн талаа эрме чөлдө жалгыз калгандай бүк түштүм, ошол калыбымдан жазбай көпкө жаттым. Жеңем эшиктен кирип, мени тургузуп, эмне токтотподуң милицияга кайрылсакчы ушинтип эле кала бересиңби?- деп далбактады. Башымды чайкадым жеңе аны эчнерсе менен кармап кала албайбыз деп, көзүмдөн аккан жаштарды тыя албай ыйлап жаттым. Солуктаган мени сорото албай жеңем айласыз чебелектейт.

    Бир топко барып, ыйым басылды, Кой кызыке баары жакшы болот. Маңдайга жазган тагдырдан кайда качып кутулмак элек, бул да болсо кудайдын башка салганы, көтөрбөскө айла жок. Үнсүз башымды ийкейм.

   Түн бир оокум болуп калды окшойт жеңем мени жалгыз калтырып кете албай, казан табакты калдыратып жүрөт. Чайга чакырды, үнсүз чай ичип олтурабыз.  Бир топко барып, мага жан киргендей « жеңе мен баладан баш тартпаймын, менин чыныгы сүйүүмдүн символу болуп калсын»- деген оюумду угуп, жеңем үнсүз башын ийкеди.

    Кыз Адилеттин апасы абдан каарду аял экен. Барган оюумду билген соң Оштуктар баламдын башын айлантпагыла, анын балдары, үй-бүлөсү бар. Керек болсо ошол кайынсиңдиңдин ичиндеги менин баламдан экенин бир кудай билет деп, кыйкырып коё берди. Жердин катулугунан эле чыдап турдум, болбосо жер жарылса кирип кетет элем,

   Унчукпадым, мага бары бир өңдү кайдыгер карап койдум. Таңдын атмагы тозок болду, эртең менен жеңем кетип баратып, баары жакшы болот деп бош унчукту. Кыйкырып ыйлагым келген менен көмөкөйүмө бир нерсе тыгылып калгансып, сүйлөй албай үнсүз көз жаш төгүп турдум.

   Ооруп жатам деп жумушка барбай, үйдө элем кир жууп жатсам, антаңдап апам кирип келди. Кантип тапкан, кимден укканы белгисиз, мени көрүп эле боздоп келип көрүштү, “эмне кылып койдуң?Сени ушул үчүн төрөдүм беле, элдин бетин кантип карайм, атаң андай кызым жок келбесин куттуу босогомду аттатпайм” деп жатат дегенде, араң турган жаным, кыйкырып коё бердим.

    “Аттатпаса койсун, керек болсо мен силердин эшигиңерге барайын деген ниетим жок. Ошол менин атакем качан мага кызы катары мамиле кылды эле, бир бала өлүп калат экен кетиңиз, мен силер үчүн жокмун мындан ары мени унуткула!” деп жол сумкасын сыртка чыгарып койдум. Апам байкуш көпкө эшик каккылап туруп, бир кезде кетти окшойт. Ошол болду эч ким мени издеп келбеди. Таэнемден кат алам, үйгө барышымды суранат кайдан барам курсагым күндөн күнгө чоңоюп барат.

    Жумуштан келатып курбум Айжанатка кайрадан кезиктим, экөөбүз тим эле кучакташып көпкө турдук. Менин жашаган жериме жакын болгондуктан, чайга чакырдым.

Жашаган жерим орустун эски эки бөлмөсү экенин көрүп, кой менин үйүмө барып жаша, сени ушундай күндө колдобосом, достуктун анты урбайбы деп ошол күнү эле мени үйүнө көчүрүп кетти.  

уландысы бар

Булак:BULUT.KG