Атасыз төрөлгөн наристе

6-бет                                  

    Чолпон-Атага жакын жайгашкан айылдардын бирине жеңем шашыла жүрүп кетти. Авто бекеттен узатып жакшы кабар менен келүүсүн үмүттөнүп, мен калдым. Кандай жашоо күтүп турганы туңгуюук болуп, арсар айлорго жетеленип, жашаган турагыма келдим да чечинбестен бүкүлү бойдон кроватыма куладым.

   Канча уктадым ким билет бир убакта эшиктин катуу кагылганынан чочуп ойгондум. Эшикти ача бергенимде жеңем үрпөйүп турганынан эле иштин чоо жайы, начар  экенин түшүндүм.   

    Сумсая үйгө кирип, “кыз капа болбо биз ойлогондой болбой калды”. Адилеттин үй-бүлөсү бар экен. Апасына жолуктум, такыр жакындаткысы жок, жаман сөздөр менен көңүлүмдү оорутту. Эки уулун көрүп, барганыма бушайман болдум. Адилетке жолугуп, «каматамын, кайынсиңдимдин тагдырын талкаладың десем, ээрчип келди»-деди шылкыя.

   Уккан кулагыма ишенбей мелтейдим. Сырттан Адилет кирди.

  -Алтын кыз, кандай жатасың? эмне чуу түшүрүп? жеңем сырты көздөй жылып, жок болду кенен сүйлөшсүн деди окшойт.

  «Үй-бүлөң болсо, менин тагдырым менен ойнобой койсоң болмок»- дедим, улутуна.

    Адилет шуу үшкүрө, мен сүйүп үйлөнгөн эмесмин, бир тууган тайэжемдин кызына кичине кезибизден эле кудалашкан имиш, тайэжем каза болгон соң, апам маркумдун керезин орундатам деген пикиринен кайтпады. Аялымдын аты Айша ал башка жигитти «сүйөм» десе да, болбой апам бизди үйлөнтүп койгон. Биринчи күндөн баштап, ымалабыз келишкен жок. Эки балалуу болсок да жашообуз супсак бойдон калды, ажырашалы деп, Айша экөөбүз келишип, мен шаарга келгем,

    Шаардан сени таптым, жашоомо эми кызыл боёоктор аралаша баштаганда, артымдан апам келип, «балалыктан кечем»-деп, ыйлаган соң аргасыздан барууга мажбур болдум. Сен мени туура түшүн. Апамдын менден башка эч карманаары, жөлөнөр тоосу  жок. Атам мен төрөлгөндө эле авто кырсыктан каза таап, апам өгөйдүн көзүн каратпаймын деп турмушка чыкпай мени жалгыз эрезеге жеткирген. Мен апамдын сөзүн кыя албайм.

   «Курсактагы баланы кантем»-деп ыйламсырадым.

Аборт кылдыр андан башка айла жок. «Чыныгы сүйүшкөндөр бир болбойт»- деген чын окшойт. Мен жакында үй-бүлөм менен табыштым. Апама сөз бергенмин «балдарымды атасыз калтырбайм»-деп. Анын муздак көздөрүн  көргөндө жан дүйнөм эңшерилип, жүрөгүм куушурулуп бараткандай болду .Бир заматта жүрөгүмдүн түпкүрүндө өзүм кыял менен куруп алган, жашыл шаарымды кимдир бирөө жаман колу менен бузуп салгандай далбастадым. Менин өңүм бозоргон чүпүрөктөй боло түшкөнүн көргөндө Адилет, эсине келгендей, кел азыр ачык сүйлөшөлү азырынча сен жашсың. Баланын кереги не боюуңдан алдырып тур. Окууну бүтсөң келишкен жигитке турмушка чыгасың, андан соң көптөгөн балдарды төрөп аласың, жаш эмесиңби…          Менин мээме эч нерсе кирбей тилим күрмөөгө келбейт. Кандай деп сүйлөсө да көзүмдүн жашын мончоктотуп жооп берүүгө дарманым жетпейт. Дилимде атаганат,  жоопсуз сүйүүгө туштуккан белем, менин тагдырымды талкалады, Эми буга баары бир тура деп, ботосунан айрылган боз ингендей боздоп жаттым. Аныма көңүл бөлбөгөндөй, кайдыгер мамилесине жан дүйнөм эңшерилип, баратты. Менден жакшылыктуу жооп ала албаганына ичи күйдүбү же колунан эмне келет дедиби айтоор Адилет эшикти тарс жапкан бойдон кетти

уландысы бар

Булак: BULUT.KG