Атасыз төрөлгөн наристе
27.03.20205-бет

Жеңем, көпкө чейин үн сөзсүз мага тигилип турду. “Ушул жашка келип, кантип жаш баладай алданып калдың” деген сөздү айтпаган менен көзүнөн окудум. Бир топко барып, кой кайгырба бул жашоодо алданган жалгыз сен эмес. Курсактагы баланы аборт жасатам деген оюңдан кайт. Эптеп төрөп алсаң андан аркысын көрө жатарбыз.
— Жеңе кызыксызго атасыз кантип төрөйм?
— Кайгырба, Адилеттин кай жерден экенин билсең болду калганын мен эптештирейин. Аргасыз башымды ийкедим. Жеңем экөөбүз кеңешкенден бери бир ай билинбей өтүп кетти. Күндөр зуулдап өтүп барат, Адилеттин көл өрөөнүнөн болорун билчүмүн бирок кайсыл айылынан экенин кызыгып сурабапмын. Кимден сурарымды билбейм, диплом колго тиери менен бир бала бакчага жумушка орношуп алганым жакшы болгон экен. Жумушка барып келип, алаксып калам.
Бир күнү жолдо баратып, группалашым Айжанатка жолугуп калдым. Аны көрүп энем эркек төрөгөндөй кубандым. Ал окууну бүтпөй эле турмушка чыгып кеткен эле, баягы студент кезиндегидей жадыраган, күлкүсү менен жүрү үйгө деп менин жообумду күтпөстөн колдон алып жетелеп алды. Автобуска түшүп алып, термелип баратабыз, сырымды айтсамбы же тим койсомбу деген ойдун жетегинен чыга албай убараланам, курбумдун бир сөзүн уксам, бирин укпайм, Үйүнө жете бергенде кичинекей дарбазаны каккылады, дарбаза ачылып, баягы мени Адилет менен тааныштырган агасы Атай көрүндү, жүрөгүм аз жерден жарылып кете жаздады.
Мени көргөн Атай балпаңдап оо кел мен кимди көрүп турам, Гүкүш кандай жүрөсүң, курбумдун агасы менин чекемден өөп, кайда жүрөсүн көрүнбөй деди.
Үйгө кирип баратып, Атай бүгүн Адилетке жолукканын айтты. Экөө ашканага кирип сырдашканын. Туулган жеринде иштеп жатканын айтты. Менин оозум ачылды, өңүм оңгон чүпүрөктөй болуп баратканын байкаган курбум Атайды тыйып койду. Тасмал жайылып, дүйүм тамак толуп турду.
Курбум бежиреп, жашоом эл катары өтүп жатат, эки эркек балалу болгон соң жолдошум менен ажырашып кеттим. Азыр орусияга товар ташып жатам, балдарым чоңойгончо эптеп бутка туруш керек, андан аркысын көрөбүз деп койду.
Чечилип сүйлөй албай олтурганымды көрүп, Атайды сыртка жумшап жиберди,
— Ии эми сүйлөчү жолуккандан бери байкасам, кандайдыр бир сырды менден жашыра албай же айтып коёо албай убарасың, айта бер кандай сыр? Жашооң кандай, турмушка чыктыңбы дегенде токтоно албай ыйлап жибердим.
— Айжан менин күйөөм жок Адилет мени ара жолго таштап кетти мен эми кантем, ботодой боздоп жаттым. Сөзүмө түшүнө албай Айжанат элейди. Мени кучагына кыса ыйлаба баары жакшы болот, мен жардам берем, Адилетке «өзүм жолугам»- деди.
Ичимдеги букту айтып алгангабы же Адилет келет деп, үмүттөндүмбү айтор, көңүлүм көтөрүлүп калды.Тамактан болушунча жедим.
Курбум бала бакчада иштеп тапкан маянаң аз экен андан көрү «коммерсант» болуп, иштесең, жакшы табасың, бат эле бутуңа турасың мени менен кете бер, төрөгөнчө иште, андан кийин Адилет эптештирер дегенин угуп кадимкидей жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Түн бир оокумга чейин сырдашып, андан соң уктоого кам урдук Айжан жаздыкка башы тиери менен уйкуга кетти, менде кайдагы уйку Адилет эмне үчүн? Мага айтпай айылына кеткенине түшүнбөй санаа чектим.
Эртең менен эрте туруп, Айжанатты ойготпой эле жумушума кете бердим. Оюумда Айжанат барып, Адилетти алып келип, ал менден жумуштары чыгып келе албай жатканын айтып, кечирим сурап, менсиз жашай албасын айттса, мени эч качан таштап кетпегенге сөз берсе, андан соң үйлөнсөк, экөөбүздүн үйлөнгөнүбүз тууралу кыялдарга берилем. Күнү боюу кечтин кирмеги мен үчүн тозок болду. Күн бата шашыла Айжанаттын үйүнө жетип бардым, курбум тасмалга нан коюуп жатып, мен Адилетке бара албай калдым, жумушум чыгып, эртең шашылыш поездге билет алып койдум. тарынба дарегин Атайдан алып калдым. Балким өзүң барып көр өз бактың үчүн күрөшпөйсүңбү деп сөзүн табышмактата бүтүрдү. Колунан токочун жулдурган баладай тосордум. Менин оюума түшүндүбү Айжанат маанайыңды чөктүрбө баары жакшы болот мен бир эки айда келем. Мен келгенче «бир жаңсыл болсоң алып кетем»-деди.
Эртеден берки эргиген кыялдардын бири жок. Салбырап эле олтуруп калдым. Чайымды кантип ичип бүткөнүм деле эсимде жок. Жатып ал деген курбумдун сөзүн укмаксанга сала жолго түштүм. Жол ката ыйлап келе жатам, эми эмне кылам, кимден жардам сурайм. Түнү боюу ойлонуп акыры айылдаш жеңемди жөнөтмөк болдум.
Булак:BULUT.KG