Атасыз төрөлгөн наристе
25.03.2020
4-бет
Үчүнчү курсту аяктаган жылым, СССР деген улуу держава кулады. Баары чак челекей түшүп калды. Кечэкинин бири жок. Айылдарды тургай шаарды ачкарчылык каптады. Ошол жылы жаз да аябагандай кечикти. Жаздын келишин негедир абдан күттүм. Жаз келсе эле кандайдыр жакшы жаңылык кошо келчүдөй үмүттөнөм. Көпкө күттүргөн жазда келди. Кетпей каарын салган кыш кетип, айлана жылуу тартты.
Бир күнү курбу кызымдын үйүнө конокко барып калдым. Терзеде өсүп турган бөлмө гүлдөрүнө суктанып, карап турсам кубумдун агасы бир жигит менен баш бакты.
-Оо кел Гүкү(мени баары эркелетип чакырышчу) Келбей кеттиң кандай анан окуулар жакшыбы?
Жолдошуна кайрылды таанышып кой карындашымдын курбусу бирге окушат.
Жигит мага колун сунуп калды. Атым Адилет.
Сунган колду сумсайтпайын деп колумду сунуп, а менин атым Гүлбурак дедим да көзүнө тике карадым. Жалт карап көздөр көзгө чагылганда негедир сүрдөп кетип, колумду тартып алдым.
Чогуу олтуруп чай ичтик. Тамакка табитим тартпай жан дүйнөмдө мурда болуп көрбөгөндөй бир бурулуш болуп жатты. Астырттан уурдана карайм.
Ошол күндөн тарта Адилет ар шылтоону айтып биздин жатаканага көп келчү болгон. Келбей калган күндөрүндө негедир жол карай берем. Билинбей айлар өтүп, арабыздан кыл өткүс болуп баратты. Күн кечтегенде Адилет экөөбүз кынала басып, киного барабыз, шаар кыдырабыз. Бир күнү кечиксек мени жатаканага киргизбей койду. Сыртта калганыма боору ачыдыбы Адилет Гүкү капа болбо жүрү кадыр түн тособуз деди.
Анын сөзүн макул көргөн мен жетегинде жөнөдүм. Асман чайыттай ачык. Айдын толуп турган он беши экен. Ошол толгон ай астында «аял»-деген статуска ээ болдум. Жаным кейип аябай ыйлаган жокмун себеби сүйгөн адамыма актыгамды арнадым. Кызыктын баары айлуу түндөн кийин башталды. Адилет орой кызганчаак болуп чыга келди. Билинбей күндөр өтө берди той жөнүндө сөз козголбой калды. Бир күнү ашканада тамактанып жатып менин кускум келгенин көрүп Адилет чочуп кетти. Сага эмне болгон дейт. Мурун кийин андай нерсе башымдан өтпөгөнгө «ашказаныма жел турса керек»- дедим. Адилет мени сырдуу карады. Маани бербедим. Сыртка чыгып суз коштоштук. Ошол кеткенден кийин Адилет келбей койду менин боюмда болуп калыптыр. Ичим чоңойуп атат айлам кеткенде айылдаш жеңеме айтууга аргасыз болдум
Булак:BULUT. KG