Атасыз төрөлгөн наристе

Атасыз төрөлгөн наристе

24.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

3-бет

Ыйлап сыктаганыма карабай өз ата энемдин үйүнө кеттим. Өз бир туугандарым мага жаттай, тааныштай эле сезилет. Бара бара кунарсыз күндөрүмө да көндүм. Ата-энем менен дээрлик сүйлөшпөйм. Мектептен кайтканда таэнеме жолугам, андан соң таятам коюулган көрүстөнгө барып, куран окуп, көпкө чейин таятама сүйлөп берем, Тажаганча божурайм, жедеп чарчаганымда мойнунан байлаган иттей болуп, айылдын этегинде жайгашкан бир туугандарым өз ата-энем турган үйгө келем.

Билинбей туягы ташка тийбеген күлүк өңдүү күндөр сапырылып өтүп, мектепти да аяктадым. Окуучулук күндөр менен коштошуп жатып, кайрадан таятамды эстеп өксүдүм, Кандай гана ой максаттарыбыз бар эле? Кыялдарыбыздын баарын шум ажал таятамды арабыздан алып кетип талкалады.

Мектепти аяктаган соң баш калаабыздагы кыз -келиндер иниститутуна окууга өттүм.Бала кезден кыялданган «айдоочу болом»-деген кыялдар ишке ашпай калганына ичим туз куйгандай ачышкан менен, мотурайган бөбөктөргө музыкадан сабак береримди эстесем, жан дүйнөм алыстарга алып учат.

Студенттик кез кандай керемет. Келечектен көптү үмүттөнгөн жаштардын баары жарыша китептен башын көтөрбөй сабак окуу менен убара. Алардын катарында мен да бармын. Сабактан колум бошобойт. Китепканалардан кыргыз музыкасы тургай дүйнөлүк классиктердин музыкасын казып окуйм. Жерде эмес асманда жүргөндөй кыялдарым алыстарга алып учат. Музыка дүйнөсү мени өзүнө оп тартып баратты. Ыр дүйнө менен жүрүп, жигит жандо, үй-бүлө күтүү дегендер пландан артта калып жатты. Айылга эс алууга барган сайын эки апам тең жашың өтүп кете электе теңиңдө тапсаңчы?- деп кулактын кужурун алат. « Ай жигиттер карабай жатпайбы?»-деп күлүп кутулам.

Ооба сага өзүңдү жанга теңебей, анча мынчаны теңиңе албай жүргөнүңдү билбейт дейсинби? Төгөрөгү төп келген мырза жигитти издеп жүрсөң жаңыласын каралдым.  Жашоодо баары тегиз жан болбойт деп айтуудан таэнем тажабайт. «Сени тууруңа кондуруп өлсөм арманым жок »-деп бежирейт. Таэнем да кызык жан, эч кимди сүйбөсөм эле турмушка чыга беришим керекпи?- деп ойлоном. Кызык кат жазган жигиттердин бири да жүрөгүмдүн ачкычын таба албаса ….

Булак: BULUT. KG