Атасыз төрөлгөн наристе

Атасыз төрөлгөн наристе

23.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

2-бет

Бир күнү таэнем апама (төрөгөн апама ) « Балаңды өзүңө тартсаң боло, карачы? кандай кыйналып жатат. Эми менин  да көзүм өтсө. Бу кыз кандай күнгө туш келет? Акыры өз балаңарды колуңарга тапшырайын»- деп жатканын кулагым чалып калды. Уккан кулагыма ишенбей, делдейдим. Тапшырганы эмнеси? Мен алар менен кантип жашайм? « Таэнем кызык ко»- деп ойлоп кеттим. Коёндой окшош күндөр өтүп жатты. Көз ачып жумганча таятамдын, кыркылыгы келип жетти. Кырк күндүгүн өткөрүп, боз үйдү жыйнаган соң, туугандар баары үйлөрүнө тарашты. Таэнем мени жанына олтургузуп, саамайымдан сылап, «Гүкү сен эми бой жеттиң. Баарын түшүнүп калдың. Мен да каарыдым, көзүмдүн тирүүсүндө сени ата энеңдин колуна тапшырайын. Бир-туугандарың менен боордош өс» -деди.

Таятам эми чындап өлгөнүнө ишендим. Чучуктай чыңырып ыйлап жаттым, ата  мени алып кет.. ата…(таятамды ата дечүмүн) сиз жок мени батырбай жатышат. Эми эмне кылам? Мен кантем, кимден жардам сурайм, ата артыңыздан барам!.. Андан аркысы эсимде жок. Көзүмдү ачсам апам (таэнем) жанымда  ыйлап олтуруптур. Көзүмдү ачканымды көрүп көз жашын сүртүп, коркутпачы садагам азыр мен кыйналып турам, атаңды жоготуу мага оңойго турган жок. Он алты жашымда атаң менен баш кошком, бүт өмүрүмдү сүйүмдү атаңа арнадым.

Кызык ушулар да сүйүүнү билчү беле таң калдым. Бир топтон кийин суроо узаттым.

— Апа атам экөөң кантип баш коштуңар эле?

— Анда мен он алтыдагы курагым эле согуш жаңы аяктаган кез. Согуштан кийинки каатчылык учур. Элдин баары ач жылаңач, согуш бүттү дегени эле болбосо эл тоюуна элек. Бир күнү биз талаада иштеп жүрсөк, райондон өкүл келет деп, калышты. Кетмен чаап жаттык эле чапкан кетмендерибизди токтотуп күтүп калдык. Жаныбызга үч атчан бастырып келди. Ошондо атаңды биринчи жолу көрдүм .      Башында солдат шляпа, үстүндө боз күрмө. Жаңы оорудан айыккандай өңү кер сары экен . Биздин парторг бул жаңы раис деп тааныштыра кетти. Тургандардын арасын күбүр шыбыр аралады.

Жашко? « Бетинин сары түгү түшө элек, экен»- деген сөздөрүн угуп калдым. Жанымда турган атлас чапанчан Калдар аке «Ээ айланайын парторг балам. бул баланы бизге башчы болот дейсиң, жаш экен иштей алабы?»- деди.

— Иштейт аксакал бул бала жаш болгон менен кан күйгөн согушту көрүп келген. Сиздердин колхозду өргө сүйрөйт деп, ишенген үчүн алып келип олтурам.

— Ээ андай болсо жөнү бар экен. Калдар аке муюугандай түр көрсөттү.

Атаң аттан түшүп, тургандарга кайрылды. « Кагылайын калайык… Согуш бүттү, бирок бүткөн менен согуштан калган жарат айыга элек. Азырынча айыкпайт. Мукуктана түштү. Кантседа жашообузду жакшыртканга жан үрөп, аракеттенишибиз керек. Бизге ущул күндү алып берүү үчүн жанын курман кылып,  кан төккөн бир боорлорубуздун  ишеничин акташыбыз керек»-деди.

Ошентип атаң биз менен иштеп калды. Татынакай,  жайдары жигитти  кыз- келиндин  баары сүйдү. Негедир элге кошулуп, атаңды тымызындан жактырып жүрдүм. Атаң жаныма келсе уялганымдан мукактанып, сүйлөй албай манаттай кызарып, кетчүмүн. Башкаларга окшоп, тамаша да ыргыта алчу эмесмин.

Бара-бара ымалабыз келишип, баш коштук. Атаң рахматы болгур жаңы үйлөнгөндө кандай мамиле кылса, өмүрүнүн акырына чейин ошол калыбынан жазбай сыйлап өттү.

Кызык баягы мен китептен окуп кинодон көргөн сүйүү деген сезимди буларда түшүнгөн экен деген ойдун оромунан чыга албай калдым.

Уландысы бар

Булак: BULUT.KG