Атасыз төрөлгөн наристе
21.05.2020
13-бет
Эртең менен турсам, бели башым ооруп, бети башым шишип калыптыр. Алым куруганынан жата кеттим, көрсө мен толготуп жаткан экенмин. Кечке чейин жаным көзүмө көрүнүп зорго чыдадым. Кечиндеси шаардык ооруканадан кыз төрөдүм. Кызым экөөбүздү үйгө алып келип коюп, Айжанат кайрадан Орусияга аттанды. Кызымдын атын Үмүтай коюп алдык. Ооздору чормоюп, Адилеттин дал өзү. Күн өткөн сайын торолуп баратты. Балалуу болгон соң, апамды аяй баштадым. Көргүм келип, сырдашууну эңсеп жүрдүм. Кайрадан Айжанат үйгө келди. Бапырап, үй-бүлөсү менен Атай айылдан келип, Айжанат менен учурашканча кеп салып олтурду. Айжан, жеңеңди кайрадан кошуп ал, айылда жашоо кыйын. Мен балдар менен бул жакта болуп турам. Көз кыйыгым менен Айжанатты карасам ыйлап жиберчүүдөй мостоёт. Унчукпады тамак ичип жатып калдык. Бул жолкусунда Айжанат көпкө жүрдү негедир жеңеси экөө күң мык деп акырындан урушуп жүрүштү окшойт. Бир күнү тамак үстүндө, Айжанат мага кайрылды. Эчким жокто сага айтайын, негедир Орусияга барганга бутум тартпай жатат. Эми бир жолу барып келсем дүкөн ачып алып үйдө эле олтурмакмын деди улутуна.
-Кой антпе. Барып жүргөн жериң да.
— Бирок, жүрөгүм түпөйүл тартып турат курбум, мага жалоруй карады. Кокус кечиксем, балдарды бул жакка алдырып өзүң кара. Сенден башка ишенерим жок.

Кайрадан жолго чыкты. Көзүмө бир башача көрүндү, кайра-кайра бетимден өөп узады. Арадан бир топ күн өттү. Негедир, Айжанат кечигип жатты. Бир күнү, жеңебиз жасана кийинип алып, кирип келди да Айжанат наша менен кармалып, камалып кеткенин угузду. Айылдагы тамды сатып, чыгарып келем деп кеткен жеңе ың жыңсыз жоголду. Арадан алты ай өткөндө, башкага турмушка чыгып кеткенин тааныштардан билдик. Сыртынан сыр бербегени менен Атай аябай чүнчүп кетти. Айжанттан болсо дайын жок. Бир үйдө беш бала менен калдык, жумуш жок, Атай эртели кеч ар кимдин жумушун жасап биртике тыйын тапкан болот. ал тамак ашка араң жетет. Бир күнү кошуна чойоктогон келин бар эл, кир жууп берчи акчаңды берем дегенинен эрчип барсам, ундар жерде чачылып жатат көзүм жайнап кетти. Биз, нанга жетпей олтурсак деп ойго баттым. Орошон ойдун кучагынан чыга албай, кирди кантип жууп бүткөнүмдү билбейм. Кир жууп бүткөн соң колума, бир аз акча карматып, ун, картошка, май, чай салып берди. Тим эле үйгө учуп кирдим. Балдар ачка эле ар жерде томурайып уктап жатышат. Үмүтай гана топту томолотуп жөргөлөп жүрүптүр. Камыр жасай калып, кесме даярдап балдарды тургуздум. Атайда келип калды колунда баштыгы жок экен. Жолу болбогонун дароо эле түшүндүм. Балдар уктаган соң, пирашки жасап, базарга сатсамбы деген оюма Атай каршы чыкты. Акча табам деген аялдан коркуп калган жаны укусу келген жок. Экөөбүздүн ортобузда эрди катындык мамиле жок болгону менен максатыбыз, бир. Балдардын курсагын тойгозуу. Эртеси Атай жумушка кеткен соң, пирашки жасай калып, базарды көздөй зуу койдум. Бат эле сатып, кайра келип калам, Үмүтай абдан жоош, балдар менен үйдө олтура берет. Ошентип Атайдын тилин укпай, базарга чыгып жүрдүм. Аягында киреше көбөйө баштады, Атайды жардамга чакырдым, экөөбү эгиз коозудай ээрчишип, иштеп жүрдүк.
14-бет

Базарда соода жасап жатсам, кокустан иним көрүп, бул “жездем” окшойт деп Атайды көрсөтөт, не дешимди билбей элтейдим. Атай кептин төркүнүн түшүнө коюп,
— Ооба, мен жездең болом, ата-энесинин үйүнө алып бара албай уят болуп жүрөм дей салды. Ал күнү, иним биздин үйгө түнөп кетти. Баягы коёндой окшош күндөр өтүп жатты. Бир күнү тамакка олтурганы жатсак. Ит үрүп машина келип калды, карасам апам, таэнем, атам турат «сени биз өлгөн деп жүрсөк, тирүү белең?» деп ыйлап, алышкан. Үйгө кирип, бапырап жатып калдык. “Күйөө бала жетим” деп уктук, туугандары барбы? деп атам акырын сурап коёт. Күйөө бала дешсе мен Атайдан уялам. Алып келген койдун этин казанга салып, бышырып берип, уктаганга кам урдук. Сыртта жүрөм үйгө кирсем жатканга төшөк жок, ал оюмду сезгендей Атай, мени обочого чакырып, “Гүлбурак, сен мага турмушка чык! Кызыңды өз балдарымдан кем кылбай багып алам, турмуштан бир жаңылдың эми мен сени эч качан ыйлаттпаймын” деди. Эмне дешимди билбей дирилдеп ыйлап турган мени бооруна кысты. Ошол түнү биз бир бүтүнгө айландык. Көп узабай, нике окутуп чыныгы жубайлардан болдук. Ишибиз жакшы боло баштады. Таэнем, үйдө калып балдарга башы көз болот.
Бир күнү Атайдын энелеш бир тууганы келип, Орусияда бизнеси бар экенин кааласа бизди алып кетерин саймедиреди. Биз кеңешип иштеп келмей болдук, бирок балдарды кимге таштайбыз деп баш катырдык. Акыры апам келип бир жыл карап бермей болду. Биз кайдасың Орусия деп жолго чыктык. Поездде баратып, бир шыпылдаган келин мен таанышып калдым. Ар нерсени кеп кылып олтуруп кеп учугу Айжанат менен жеңесине такалды. Аз жерден кыйкырып жиберейен деген мени, Атай акырын токтотту. Менин, Айжанат деген курбум бар эле, азыр жеңесинин айынан камакта. Жеңеси көп карыз болуп калып, Айжанаттан карыз ала беречү. Бир күнү карызын сураган да баштыгына наша салып каматып жиберди десе болобу. Эсим ооп калды. Биз Айжанаттын дарегин алып, каттап жүрдүк. Камактан чыккандан кийин турмушка чыкты. Биздин жумушубуз жакшы болуп, бат эле бутубузга туруп кеттик. Атай экөөбүз эки уулду болдук. Жашообуз өз нугуна түшүп калганда, баягы аялы пайда болуп келип жинине тийип жүрүп жүрөк оорулуу кылды. Бизнесибиздин жакшы экенин угуп алганбы? Акча талап кылып коркутат имиш. Аны мага жолдошум угузбайт да, капа болот деп. Акыры Атай, ооруп, бейтапканада даарыланып жатса Адилет да ошол жерде экен. Учурашып туруп калышса, Үмүтай барат атасын көргөнү.
— Менин кызым Үмүтай деп тааныштырат.

— Үмүтайды Адилет өзүнө окшоштуруп таанып калат. Өзүн көргөнү келген апасына “сенин айыңдан, кызым өз атасы ким экенин билбей, чоңойуптур!”дейт. Адилеттин кызы бар экенин. Аны Атай багып жүргөнүн уккан апасы ыйлап, Атайга жалынат, бир эле жолу алыстан көрөм, неберемди көрсөт де жалбарат” дейт, жалдыраган кемпирдин көңүлүн кыя албай Атай Үмүтайды ооруканага чакырат. Үмүтай ооруканага барса, сырдын баарын ачып, Адилеттин апасы балбалактайт. Көрсө Адилеттин аялы бир топ жыл мурун, балдарын алып, мурунку сүйгөнүнүн этегин кармап кетиптир. Аялы таштап кеткен соң, Адилет, Үйлөнүп жашай албай ажырашат. Баласынан тагдырын өз колу менен талкалаганын түшүнгөн апасы, эмне кылар айласын тапай жүргөн учуру экен. Чоң энесинин сөзүнө араң түшүнгөн менин кызым, “өз атам деген адамым өгөй беле” деп чыңырып өзүн жоготуптур, ошондон бери комада. “Жолдошум болсо тилден калды” деди эже көзүнүн жашын сүртө. Мына сиңдим менин жашоом ушундуй деди улутуна. Кел бир аз эс алалы таң атайын деп калыптыр. Мага болсо теледен кино көрүп жаткандай элес болуп турду. Ташбоор тагдыр кимди күнөөлөштү билбейм.
Жазып алган Альбина Шадыбекова
Булак: BULUT.KG