Атасыз төрөлгөн наристе
05.05.202012-бет

Биз энесиз өстүк. Апам колхоздун клубунда, клубду башкарып жүрүп, башкарма менен “көңүлдөш” болуп кеткен деген ушак тараптыр, ошондон улам, ата-энем ажырашкан экен. Мен ал кезде аябай жаш эми гана тамтуң баскан кезим болгондуктан көп нерсени билбей калыпмын. Чоң энем кайраттуу киши эле, бизди бөпөлөп, энесиз экенибизди билдирбей чоңойтту. Атам, апам менен ажырашкан соң көп жолу үйлөндү бирок аял затынан бак айтпаганбы бактылуу боло албады, апамды катуу сүйгөн окшойт, өмүрүнүн акырына чейин оозунан түшүрбөй күтүп жашады. Ал гана эмес, атам акыркы сапарга да апамдын колунан узады. Апам элдин башкарма менен соо эмес деген ушагынан соң, Фрунзедеги тигүү цехинде эмгектегип жүрүп, турмушка чыгыптыр балдары бар экен атам ооруп жатып, апамды таптырып чакырткан. Ошондо көргөнмүн биринчи жолу. Атам, агам экөөбүз менен тааныштырганда, агам “апа” деди мен айта алган жокмун. Менин жан дүйнөмдө бир ачуу кыйкырык ээлеп туруп алды. “Айжанат сен көргүң келип жол карап күткөндө бул адам келбеген, сен кечирбе!” деген үн чыгып жатты. Көп узабай атам о дүйнөгө аттанды. Апам канча аракет кылса да мен апамды кечире албадым. Мага караганда Атай кечиримдүү экен катышып алган. Атамдан соң апам бат эле көз жумду. Ооруп жатып канча жоолу чакыртсада барбадым, ал гана эмес, топурак салып куран окутууга да жарабадым. «Баланы ит, мышык деле тууйт, чымчык деле балапан чыгарат, ошол кичинекей эне чымчыкча боло албаган адамды мен кантип ыйык тутуп апа дей алам» деп, өжөрлөнүп, апама жакындабай койгом. Атам жай айында каза болсо, апам, күз мезгилинде жарык дүйнө менен кош айтышты, күз мезгили ак төөнүн карды жарылган мезгил эмеспи, айлана сары алтынга курчагандай өңдөнүп, бир укмуш көрүнөт. Апамдын кыркылыгынан келген Атай шуу үшкүрө, колума кызыл мукаба менен тышталган калың китепчени карматты. Биринчи бетин ачып карасам, апам менен атамдын жаш кезиндеги сүрөтү коюлуптур, андан ары ата энемдин жаңы таанышканынан баштап, ушактын курмандыгы болгонуна чейин, ал гана эмес апам, бизди көрөм деп келсе чоң энем жолуктурбай, бизди көрүп кетүү үчүн, таң атканча малсарайдын артында туруп, биз сабакка жөнгөнүбүздү алыстан көрүп, карааныбызга кагылып узап кеткенин окуп алып, апам жаңыдан каза болгонсуп ыйладым, курдаш. Бармактай кезимден баштап, элдин апасындай апам болсо деген тилегим орундалмак экен аны мен өз колум менен, бүлдүрүпмүн. Айжанат көзүнөн көнөктөп аккан жашты тыя албай боздоп жатты. Мен аны сооротмок тургай ага кошулуп ыйладым. Экөөбүз эки жерде соолуктадык. Биртоптон соң, агамдындын балдарын энесиз калтыргым келбегени ошондон улам, тирүү жетимдиктин азабын мен көп тарттым.Түн бир оокумга чейин муңдашып, таттуу уйкуга сүңгүдүк. Менде кайдагы уйку, апам жаш кезимде каза болуп калган деген жаңы таанышканда. Көрсө таштап кеткен дегенден намыстанган окшойт. Мен да апамды сагындым. Айрыкча таэнемди көбүрөөк сагынгандаймын. Кечиндеси апакем уюн саап, короо четинде олтургандыр байкушум. Баягыда келгенде кубалабай койсом болмок экен “каап” деп өкүнүп калдым.
уландысы бар
Булак:BULUT.KG