Атасыз төрөлгөн наристе
28.04.202011-бет

Турчу муздап калыпсын, Айжанат мени колтуктай тургузду. Сен таарынба жеңемдин бир аз акылы тайкы, иштеп бутуна туруп алышсын десе “жаман эркек жер коруйт, жаман катын эр коруйт” дегендей кызгангандын балекетин алабы деп кейип калды. Мага жан тарта чыда, аз калды жакында эне болосун анан, балаң экөөңөрдү чоң шаарларды кыдыртам. Үйгө кирип, Айжанат кыялданып турду, баягы студет кездегидей кыялдары оголе көп. Таң жарган кезде Атай балдарын алып, Айжанаттарды узатканы кошо кетти. Сыртка чыккан курбум мени кучактап, тарынбай жашап тур бат келем, Атай айылга барып келет экен деген болду. Ал жеңебиздин акылы экенин жаздемдебей түшүндүм. Мага жага түштү. Аларды узатып коюп уйкуга кирдим. Түшкө чейин былк этпей уктапмын. Күрдөлдүү күз өз берекесин төгүп турган кез, айлана сары алтынга оронгон. Билинбей таңдар атып, күн батып, жашоо улана берди. Күн өткөн сайын денем оор тартат. Бир күнү шашыла Айжанат кирип келип, оо менин курбум аябай сулуу болуп кеткен го деп, жайдары учурашты. Канчалык жайдары болуп турса да, көзүндө бир убайым бар эле. Сүйлөшүп көпкө олтурдук. Мага кандайдыр бир сөздү айта албай, турганын көзүнөн окудум. Сурагандан корктум. Үйдөн кет десечи кайда барам деген суроо мээмди тепчип кетти. Ойго бата түштүм, менин курбум ойго батып, ыр жазып,калганбы дейм деген болду. Колундагы винону стол эстүнө коюп жатып каткырды. Таң калып калыпмын. Өзү ичти ой боюма койбой мага да ичирди. Экөөбүз дуулдап олтурабыз. Бир кезде жеңем экөөбүз урушуп калдык деди шуу үшкүрө. Менин айымданбы деп айта албай тигилдим. Оюмду көзүмдөн окуган курбум, сенин айыңдан эмес, ээ достум… мени туурап сүйлөгөнү мен жаңы шаарга келгенде достум деп сүйлөчүмүн, эмне дешимди билбей турам. Мен жеңемди купеден бир киши менен кармап алдым. Кармап алганың эмнең түшүнбөй сурадым. Ал шуу үшкүрө, мурун деле жеңем жөнүндө анча мынча ушак угуп калчумун, бирок маани бербепмин. Кебин улады түнү ойгондум, оозум кургап калыптыр, суу ичип алайын деп турсам суу жок. Жеңем да жок экен. Бир топ күтүп сыртка чыксам көрүнбөйт. Суу ичип келе жатып, проводниктин бөлмөсүнөн жеңемдин күлкүсүн угуп калып, баш бактым. Көзүң жамандыкты көрбөсүн жеңем бир киши менен кучакташып бир төшөктө жатат. Тим эле, ажыдаар көргөнсүп кыйкырып жибердим. Менин кыйкырыгымдан чочуган экөө мени карап делдейди, жеңемден мындай айбандыкты күтпөгөн жаным, айгайды салып оозума кирген сөздөр менен жеңемди тилдеп жаттым. Купеге эл толуп, мени сыртка чыгарып суу жуткурушту, бир топ убакыттан соң, жеңем жаныма келип, бутумдан кучактап, жалдырап суранды, «айланайын кызыке, бир ачууңду мага бер, иттик менден кетти. Өмүр бою кулуң болоюн» деп жалынат. Жеңем жалынган да кичинекей бөбөктөрүм көз алдыма тартылып, жан дүйнөм жабыркап, кең ааламым тар болуп, ички дүйнөм сыздап жатты, агамдын башын аттаган шермендени мууздап салгым келди. Бирок, өзүмдүн энесиз өскөнүмдү эстеп, агамдын балдары тирүүлөй жетим калбасын деп, өзүмдү токтоттум.
Уландысы бар
Булак: BULUT.KG