Атасыз төрөлгөн наристе
20.04.202010-бет

Жаркын акемдин кылыгын билсе да апасы бир жолу тескегенге жарабады. Билмексенге салды. Издеп артынан барганга жеңем даабады, кызыл камчы акемден корктубу же болбосо тарындыбы ким билсин айтор ортолорун кара мышык аралай баштады. Эгиз уулдары ооруп, чакыртса да келбеди, түнү ата деп чыркырап ыйлаган Асанды эртеси врачка көрсөтү үчүн райондун борборуна алып барды, оорусу өтүшүп кетиптир Асан ооруканадан кайтпай калды, мастыгы тарабаган акем артынан барып, баласынын жансыз денесин кучактап боздоп калган дешет. Асандын жансыз денесин үйгө алып келгенде Жаркын акемдин апасы чакчырылып, кара жолтой эми неберемди жедиңби? Жаркын акем апа мен күнөөлүмүн, менин кесирим балама тийди.
— Жок сенде күнөө жок, сен жокто баланы жакшы карабады.

Сонун жеңем, көзүнөн төгүлгөн жашты арчый, кайсыл эне өз баласын жамандыка кыйсын, Асаным өлгөнчө мен өлсөм болбойт беле деп чыркырап ыйлап жатканын көрүп элдин баары жашыган. Көп өтпөй, Сонун жеңем, Үсөндү жетелеп, үйдөн кетип алган. Жеңемдин артынан барайын деген Жаркын акемди апасы «барба катын жолдо бала белде»деп токтотуп бат эле баягы Салимага үйлөп койгон. Таң эрте туруп, айыл четиндеги көрүстөнгө барып, боздоп жатканын көрүп Жаркын акеме айылдаштардын боору ооручу, кээ бирөө эми ыйлаганы бир тыйын, кайран Сонун атына заты жарашкан келин эмес беле деп шыпшынышчу. Каардуу кайненеге туруштук бере албай Салима бат эле төркүнүнө кетти. Сонун жеңемден кийин Жаркын акем көп жолу үйлөндү бирок бактылуу боло алган жок. Апасы өлөр жылы кечирим сурап, сенин тагдырыңды мен талкалап койгон экенмин деп боздогон дешет.
Мен мектепти аяктап келип студент болгондо, капысынан Сонун жеңем менен жолугуп калгам, байкуш жеңем картая түшүптүр. Турмушка да чыкпаптыр, акемди дале жакшы көрөрүн угуп экөөнү жолуктургам, кайрадан жашап калышты. Азыр бактылуу үй-бүлө.
Ал учурда бала болуп, көп нерсени түшүнбөгөн окшоймун. А бирок, азыр деле “кара жолтой” дегенди түшүнбөй элемин. Негизи кара жолтой деп, кандай адамдарды айтат.
уландысы бар
Булак: BULUT.KG