Атактуу менен чайлашуу! Конокто Тазабек Икрамов

Атактуу менен чайлашуу! Конокто Тазабек Икрамов

01.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Эске сала кетсек, буга чейин “Атактуу менен чайлашуу” аттуу долбоор старт алгандыгын билдиргенбиз. Анда көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жолугушууну каалаган окурмандар кат жолдомок. Жарыядан кийин көптөгөн каттар келип түштү. Алардын ичинен оригиналдуу кат жолдогон Байзак Сайитбурханов аттуу окурман тандалып алынып, бүгүн 1-мартта баш калаанын тамактануучу жайларынын биринде жолугушуу уюштурулду.

Аталган долбоордун алгачкы коногу болуп Жогорку Кеңештин депутаты, мекенчил инсан, кыргыздын кыйын уулу Тазабек Икрамов болду. Анда жанаша катарлаш олтурган замандаштар жакындан таанышып, кызуу маек курушту.

Кат ээси Байзак Сайитбурханов кагазга жазып, алдын ала даярдап келген бир катар соболдоруна, сунуш-пикирлерине жообун ала алды. Буга ыраазы болгон окурман ырахматын айтып, жылуу коштошту. Ардактуу окурман, кийинки сыйлуу коногубуз кыргыз элинин дагы бир кырааны, Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов болмокчу.