Атактуулук, дүнүйө-байлык досумду өзгөрттү
16.10.2019Бүгүн күнгө жекшемби. Омар Хайямдын китебин колго алып, көз жүгүртүп отурдум. Ал китептин бир жеринде мындай деп жазылып туруптур:
“Омар Хайямдын замандаштары андан “Эмне үчүн кедей жашагандар бай жашаган адамдарга караганда ак көңүл болушат, байлар болсо өзү менен өзү эле болуп жүрө беришет” деп сурашты. Анда ал “Силер мобу айнекти карагылачы, эмнени көрүп турасыңар? Туура, балдар сыртта ойноп жатышат, дарактар бүрдөй баштаптыр. Эми бул күзгүнү карагылачы, эмнени көрүп жатасыңар? Ооба, өзүңөрдү эле көрүп жатасыңар” — деп жооп берген экен жарыктык киши. Аны окуган соң оюма бир досум келип, кетпей туруп алды. Эс тарткан кезден достошуп, бири-бирибизден эч нерсе аябай “Биз эки дүйнөдө тең дос болобуз” — деп антташкан досумду атактуулук, дүнүйө-байлык өзгөрттү. Анын бул жолго бараары үч уктасам түшүмө кирбептир. Атын атабай эле коёюн, ал азыркы тапта атактуу бай адам. “Балким, окуп калаар” — деген ниетте сиздерге кат жазууну эп көрдүм. Анда окуянын чоо-жайы башынан болсун.
Досум экөөбүздүн балалыгыбыз айылда бирге өттү. Ал менден бир жаш кичүү экенине карабай, мен мектепке барган кезимде ал да мени менен окуп калды. Ошентип айылдаш, кошуна, дос гана болбостон, классташ дагы болуп калдык. Эсимде, ошол 1-сентябрь күнү мектептен жолугуштук. Гүлзат апа (досумдун апасы) жетелеп келген эле. Апам менен учурашып, менин жүзүмдөн сүйдү. Анан апам да досумду өптү. Анын апасы жакшы адам эле. Ошондон бир апта өтпөй, ал дүйнө салып кете берди. Ошол каргашалуу күн эсимден такыр кетпейт. Анда күзгү жаан нөшөрлөп жаап жаткан болчу.Асмандан чагылган “Чарк-чурк” этип, жерге жарыгын чачып турду. Бир убакта Муктар атанын (досумдун атасы) чагылган үнү менен кошо жарышкан ачуу чаңырыгын угуп калдык. Эшиктен иттер уулуп, аттар кишеней жер тепкилеп, мал-жан аттуулар дүбүр түшүп калды. Балким, алар да туйган чыгаар. Апам менин үйдө туруп турушумду айтып, сыртка жуткуна чуркап чыгып, алардын үйүн көздөй бет ала жөнөдү. Сырткы каалганы ачып, “Апа, токтоңуз, мен да барам” — дегенимде “Балам, үйгө кир! Мен азыр келем” деп кете берди. Бала болсом да жүрөгүм бир нерсени сезгенби же кызыгуум күч алдыбы, айтор, мен дагы үстү башымды кийбей, чоң көлөчтү бутума иле апамдын артынан акмалай жөнөдүм.
Досумдун үйүнө кирип барсам Гүлзат апамды Муктар ата (күйөөсү) кучактап алып, буркурап ыйлап жаткан экен. Карасам досум жок, төркү үйгө кирип барсам ал өңдөн азып, көпкөк болуп жерде жатыптыр. Аңгыча болбой апам коңшу-колоңдорду чогултуп, кирип келип калды. Досума суу чачып жатып, араң эс алдырышты.
Көрсө, Гүлзат апамдын жүрөк оорусу кармап, ошол жерден жан берген экен. Аны көргөн уулунун жүрөгү түшүп, өзүн жоготуп, жерге кулай бериптир. Кийин 3-класс кезибизде атасы да дартка чалдыгып, дүйнө салып кете берди. Анын жакын туугандары жок болгондуктан баласын апам асырап алды. Досум экөөбүз бир тууган болуп, бирге чоңойдук. Ага рахмат, апамдын кадырын билип, өз апасындай көрүп,ар убак сыйлады. Кийин мектепти бүтүп, жогорку окуу жайда билип алып, ал жакты да аяктадык. Ошол кезде апамдын да көзү өтүп кетти. Апам үзүлүп бара жатканда “Уулум, (досумдун атын атап) дайыма сыйла, ал мага калган аманат. Мен экөөңө татыктуу тарбия бере алдымбы бир Кудай билет. Эч качан бирөөнү билбей туруп мактаба, жамандаба. Эч качан бирөөгө кыянаттык кылба. Таш менен урганды аш менен ур. Дайыма ыйманыңды күчтөп, Кудайдын бар экенин унутпа!..
Уулум, мен сага ыраазымы, сен да мага ыраазы бол!..” — деп узап кете берди.
Убакыттын өтүшү менен досум Америкага иштегени кетти. Мен болсо айылга барып, кесибим боюнча тиш дарыгери болуп иштеп калдым. Арадан көп өтпөй үйлөндүм. Үйлөнүү тоюма ал келбеди. “Мейли, бошобой жүргөндүр” дедим.
Ал Америкада иштеп жүрүп, дүйнөлүк моделдердин катарын толуктады. Америкада журнал, жарнамалардын жүзү болууга жетишти. Анын жетишкендиктерине кубанып, анны менен сыймыктанып жүрдүм. Кантейин, ага барайын десем шарт жок. Дүйнөнүн аркы бетин кой, өзүбүздүн эле борбор калаага баралбай жүрөм. Ооба, анын үстүнө үй-бүлөм бар дегендей.
Соцтармактардан жазышып турчу элек жазбай да калды. Мен ал үчүн кабатыр болуп, ой-санаага батып жүрдүм. Бир гезиттен дүйнө жылдызына айланган досум жөнүндө жазылган бир макаланы окуп калдым. Жакынкы аралыкта Бишкекке келип кетет экен. Ошентип ага чейин бир аз тыйын топтоп, ал келээр күнү борбор шаарга сапар алдым. Филормонияга барсам, элдер жык-жыйма экен. Эптеп алдыга оозунуп чыкканым менен анны жабалактаган журналисттер мени коё бербеди. Бир кезде өзү мени көрүп, мага басып келди.
— Арыба досум, бир тууганым! Кандайсың, эсен-соо жүрөсүңбү?
– Эмне кылып жүрөсүң? — десе болобу мени четке тартып.
— Койчу тамашаңды, — дедим бир кызыктай боло түшүп.
— Жолобо мага, болбосо уят болом…
— Эмнеге уят болосуң? Мендей досуң, бир тууганың бар экенинеби?
— Сөздүн кыскасы чүкөңдү алыс ыргытып, мен оолак жүр! – деп басып кетти.
Ооба, анча-мынча жетишпегендердин түшүнүгү боюнча кара тамандар ак сөөктөрдүн жанында 2-сорттогу адамдар да. Болбосо эмнеге уялып, бөлүп-жарышат
Аны байлык, атактуулук өзгөрттү. Ал айылдаш, классташ, жакын тааныштары менен катташуудан уялат. Жогоруда айтып кеткендей анын түшүнүгүндөак сөөктөр кедей же орто жашаган адамдар менен бирге жүрүүгө болбойт экен.
Досум, эсиңе кел! Байлыкты баарынан жогору койбо жана өткөн жашооңду эстеп, келечекке жакшы тилектер менен умтулуп жаша!
Талгар, Талас шаары
Жазып алган Айбек Нур
Булак: Bulut.kg