Аскат Бекташов,  Икрам ажы Стамкулов атындагы БОДТДКтун директору:        “Балалык кыялдарым кесип тандоомо түрткү болду”

Аскат Бекташов, Икрам ажы Стамкулов атындагы БОДТДКтун директору: “Балалык кыялдарым кесип тандоомо түрткү болду”

30.03.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Ааламга жол айылдан башталат дегендей, дүйнөнү дүңгүрөткөн атактуу чемпиондор, Жогорку Кеңештин депутаттары чыккан Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылы. Бүгүнкү менин маектешим дал ушул айылдын кулуну мекенчил, ар иштин көзүн таба билген инсан, мыкты мугалим, кесипкөй жетекчи, айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер Аскат мырзаны кепке тарттым.

—      Аскат мырза, эң биринчи эле кеп тизгинин сиздин балдай таттуу балалыктын бүктөмүндө калган чыт курсак кезиңизге бурсак…

—      Жакшы болот. Эң бир таза мезгил балалык болот тура. Оюнкараак мүнөз менен убакыттын эсеп- сотун жүргүзбөй бактылуу көз ирмемдерди өткөрөт экенбиз. Балалыгым ушул эле өзүм турак кылган жерде, Кызыл-Сеңир айылында өттү. Эми ал учурду кеп салчу болсом, эсил кайран СССР деген улуу держава урабачудай болуп турган мезгил эле. Эч нерсе менен ишибиз жок, таңдан кечке чыбыктан ат минип, көчө чаңытып ойногон адатыбыз эле. Кийин кол арага жарап калганда го үй ишине кол кабыш кылдым. Эгин айдадык, чөп чаптык, мал бактык дегендей тоолуу өрөөндүн жаштары сыяктуу эмгекке бышып эр жеттим десем туура болчудай.

—      Спорт десе ичкен ашыңызды жерге койгонуңуздан кабарым бар, спортко болгон кызыгуу качан пайда болгон?

—      Спортко болгон ышкы 3-4-класста окуп жүргөн кезимден эле башталды. Биздин айылдын Азим, Чонин деген жигиттер айылыбыздагы волейболдун тарыхынын башаты эле. Алар айылдык эле эмес, республикалык деңгээлдеги оюнчулар эле го чиркин. Алардын шарапаты менен айылыбызда  көптөгөн мелдештер өтүп турчу. Чоң оюнчу агаларымдын ойногон оюндарын калтырбай көрөр элем да, ичимден ошолордой зор оюнчу болууну кыялданчумун. Бой жеткенде бала кездеги кыялдарым кесип тандоомо түрткү болду.

—      Жетишкендиктериңиз тууралуу кеп салсаңыз…

     —      Багынткан ийгиликтериме токтолчу болсом, мугалимдер арасында өткөрүлгөн волейбол оюнунда Сузак району боюнчу 1-орунду 3 жолу уттум. Жалал-Абад облусу боюнча 2 жолу чемпион болдум. Андан сырткары мен тарбиялап жаткан окуучу кыздар-балдарым да ушул эле менин көрсөткүчтөрүмдү кайталап жатканын мен жеңишим катары кабыл алам. 

Учурда жетектеп жаткан спорт мектебине качан жетекчи болуп келгенсиз?

Икрам ажы Стамкулов атындагы БОДТДКга 2018-жылы директор болуп келдим. Жумушка киришкен күндөн баштап эле мектептин  материалдык-техникалык базасын чыңдоого , айылдык деңгээлден  эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө, катышууга бүт күч- аракетимди жумшап келем.

      Үй-бүлө урагыс чеп деп айтылат. Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз…

—      Үй-бүлө бул өзүнчө чакан мамлекет эмеспи, арзып алган жубайым менен турмуштун ачуу- таттуусун бирге татып, жашоонун тегирменинде термелип, өмүр кечирип төрт уул, эки кызды тарбиялап жатабыз.

—      Келечектеги пландарыңыз кандай?..

—      План дейбизби же кыялдануубу, кыскасы өтө көп. Биздин Икрам ажы Стамкулов атындагы БОДТДКтун айланасын көрктөндүрсөк, жаш спортчуларды дүйнөлүк аренага чыгарсак… Деги койчу, айта берсе план максаттардын чети оюлбайт го аларды четинен ишке ашыруу керек деп ойлойм.

—      Бош убактыңызда кантип эс аласыз…

—      Жумуштан кийин үйгө барганда эле мени көкүрөк күчүк кызым тосуп алат. Кызым менен ойногондо кадимкидей жарпым жазылып, маанайым көтөрүлүп эс ала түшөм. Андан сырткары жөө басам, огороддо иштейм. Же болбосо тарыхый романдар «Сынган кылыч», «Көчмөндөр кагылышы», каракалпак дастаны жана «Кан менен тер» деген романдарды кайра-кайра окуудан тажабайм. Кыскасы бош убакытты пайдалуу, жаркын маанайда өткөрөм.

—      Маек соңунда жакында боло турчу жергиликтүү кеңешке талапкерлигиңизди коюп жатыпсыз. Талапкер болууда максатыңыз эмне…

—      Менин негизги максатым өзүм туулуп-өскөн Кызыл-Сеңир айылына пайдалуу иштерди жасоо. Эми өзүмдүн  платформам менен тааныштырып кетсем.

1. Айылдык кенештин депутатынын ыйгарым укук- милдеттерин жоопкерчиликтүү , татыктуу аткаруу.

2.Айылдык кенеште жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражаттарын багыттуу иштетилишин көзөмөлдөө.

3. Айылдагы колдоого муктаж үй-бүлөлөргө коомдук уюмдардан , жеке ишкерлерден жардам алып берүү.

4.Айыл аймактагы социалдык обьектилердин материалдык, техикалык базасын чыңдоого салым кошуу.

5.Айыл жаштарынын терс сапаттардан арылып, сергек жашоосу үчүн маданий массалык спорттук иш чараларды байма — бай өткөрүп туруу болуп эсептелет.