Аскар Думанаев, дүйнөлүк “Dumanaev Models” модель агенттигинин негиздөөчүсү: «Актерлук шыгым бар экенине ишенчүмүн”
03.11.2021Кыргызстанды дүйнө жүзүнө ар тараптуу тааныткан жаштарыбыз арбып барат. Алардын бири Аскар Думанаев деп сыймыктануу менен айтсак жарашат. Бүгүн Аскар мырзаны кепке тарттык.
— Аскар модель болуу балалык кыялыңыз беле…

— Азыр ойлоп көрсөм, кичине кезимден эле сахнага аралашып чоңоюпмун. Менин өнөр дүйнөсүнө кадамым бала бакчадан башталгандай. Мектепте окуганымда райондук иш чараларда башкы ролдорду аткарып, сценка коюп жүрдүк. Ошол убакта эле сүрөткө түшкөнгө кызыкчумун. Өзүмдүн актерлук шыгым бар экенине ишенчүмүн. Бой жеткенде актёр, модель же ырчы болом деп чечкем. Негедир ошол убакта эле «мен чоңойгондо атактуу инсан болом, антпесе жашоонун не кызыгы бар» деп ойлочумун.
— Азыркы учурда моделдик агенттикти түптөө өзүнчө түйшүк. Аны түптөөгө сизге ким көмөктөштү.

— Эң алгач фотограф болдум. Анан акырындап балдар-кыздарды чогултуп, фотопозирование (сүрөткө түшүү чеберчилиги) курсун ачып, андан соң моделдик курс ачтым. Андан соң мектеп болуп чоңойдук. Бул ишти баштаганымда көмөктөшүп, акча бере турган адам тургай татаал жолдун башында көптөгөн бут тосуулар, ар кандай жаман сөздөр менен коштолуп, айтор биздин менталитетке жат болгон көрүнүш дешип, эл жаман кабыл алышкан. Акыркы убакта моделдик кесип трендге айланып, актуалдуу кесип болуп эсептелет.
— Шоу бизнес чөйрөсүндө жүрөсүз улам жаңы ыр, костюм, стиль, образды жаңыртып туруу керек. Канча учурда бир жаңылап турасыз…

— Негизи, күнүмдүк турмушта кийимди бир кийип, андан соң бир эки жумадан кийин кийилет, анткени «күнүгө эле бир кийим кийип жүрөт, башка эчтекеси жокпу» деген сынга кабылабыз. Бирок күнүгө ар кандай образ жаратып жүргөн адам көнүп деле калат экен, бир фотосессиядан соң жумалап кийилбей тура берет.
— Азыр сиз ырчы, модель жана башка кесиптерди айкалыштырып келесиз, он-жыйырма жылдан кийин өзүңүздү кантип элестетесиз…
— Эртеңки күн кандай болуп кетерин эч ким билбейт. Ошондуктан учур чакты коё бербей, ар бир мүнөттү бактылуу көз ирмемдерге бай, эмоциялар менен толтуруп, азыркы учур менен жашайм. 10-20 жылдан кийин өзүмдүн кандай болорумду элестете албайм, ойлогум да келбейт. Мезгил көрсөтөр…
— Моделдик агенттикке тандоо кандай багытта болот. Мисалы, бою узун, өтө сулуу, фигура 90-60-90 болгон кыздар гана кабыл алынабы же орто сулууларга деле шанс барбы….
— Кыргызстан азиаттык мамлекеттин катарын толуктагандыктан, балдар-кыздарыбыз бою анча узун эмес келет. Ошондуктан боюна карабастан фотомодель болуу мүмкүнчүлугү бар. Ал эми келбети боюнча айта кетсек, ар бир адам — сулуу, келбетине эмес, харизмасына (жылдыздуу, таланттуу) баа берилет. Салмагы боюнча да ар кандай моделдер бар, плюс сайз деп айтылат, 54-56 размердеги көлөмдүү моделдер да бар. Ал эми чет өлкөгө модель катары иштөөгө кеткен балдар-кыздарыбыз дүйнөлүк стандарттын ээлери — бою 185тен өйдө, 90-60-90 фигуралуу.
— Кийимдериңизди ата мекендик өндүрүшчүлөр эле тигеби…
— Көпчүлүк учурда классикалык костюм шымга басым жасайм, жумушка да, жолугушуу-салтанат, той болсо да жараша берет. Ал эми сахнага, сүрөткө түшүүдө образ жаратууда биздин таланттуу дизайнерлер жардамга келишет.
— Эгер чыгармачылык чөйрөгө аралашпай калсаңыз кайсыл кесипти аркаламаксыз….
— Кесибим боюнча котормучумун, кыргыз-англисче синхрондук котормо бөлүмүн аяктагам, ошол жаатта эмгектенсем керек эле.
— Жигиттерге тиешелүү кандай сапаттарга ээсиз…
— Эми өзүмдү мактагандан алысмын, а бирок элдин мактоосу абдан жагат. Кыздардын айтуусу боюнча, чогуу турмуш курууга мүмкүн боло турган бардык сапаттар бар экен.
— Аялзатын кантип баалайсыз…
— Үйүбүздө 3 кыз. Апам жана эки карындашым менен өскөндүктөн бардык кыздарды карындашым катары көрүп, аяр мамиле жасайм. Менин кыздарга болгон жакшы мамилем карындаштарыма кайтсын дейм.