Аскарбек АБЫЛОВ, пенсионер: “КАМЧЫБЕК ЖОЛДОШБАЕВ АКЧАМДЫ БЕРБЕЙ, АЛДАП ЖҮРӨТ”

Таягын таянып, илкий баскан аксакал редакциябызга баш багып, капчыгын ачып, саргарган эски кагаздарын этияттап алып чыгып, 27 жылдан бери алган карызын бербей качып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевди издеп, Ат-Башыдан Бишкеке келгенин айтып, буларга токтолду.
-Өзүм пенсионермин, жашым 76 да. Жанагы Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевде аласам бар эле, ошону ала албай жүрөм. Карызымды кайтарып берээр деген үмүт менен ашуу ашып,бел ашып Ат-Башыдан келгем.Камчыбек кабыл албай койду. Ак үйдү короосуна кире албай, балким сыртка чыкса көрүп калам деген жаман ой менен түштөн кийин дубанадай аны күтөм. Эки жума болду, эч эле кармай албай койдум…

Камчыбек Жолдошбаев экөөбүз коңшулаш айылдашпыз. Камчыбектин чоң атасы менен ыраматылык менин чоң атам жакын досболгон. Окууну ийгиликтүү аяктап, армияга жөнөдүм. Жакшы жу-мушка орношуп, жетекчилик кызматка көтөрүлдүм. “Дүйшөмбү” өндүрүштүк кооперативдик бирикмесинин төрагасы болуп турганда Камчыбек Жолдошбаев жардам сурап кайрылды. Айылдаш ага катары колдоо көрсөтүп, макул болдум.Тактап айтканда, 1992-жылы 28-сентябрда “Дүйшөмбү” өндүрүштүк кооперативдик бирикмесинин эсебинен “Беш Сары” кичи ишканасына Сариев Төлөнбектин атына 150 ООО сом
которуп бердим. Төлөнбек Камчыбек Жолдошбаевдин бир тууганы. Болгону Төлөн чоң атасынын атын, ал эми Камчыбек өз атасынын атын алып жүрөт. Ошентип, Камчыбек Жолдошбаев бул суммага биздин бирикмеге дизтопливо куйуучу майын алып берээрин айтты. Көп өтпөй “Аскарбек байке, бизге эт керек” дегенинен эки баш (бээ) мал союп, килограммын 11,25 тыйындан бердим. Ошол эле жылдын сентябрь айында Камчыбек Жолдошбаевге байланышып, Балыкчы шаарына барып, 118125 сомго дизтопливо куйуучу майын алдым. Камчыбекке телефон чалып “150 ООО сомдон 31 875 сом карызың калды, ал эми эттин акчасы 11 250 сом. Жалпы 43 125 сом карызсың” десем, “Аскарбек байке, баары туура. Такташтык. Карызды көпкө күттүрбөй кайтарып берем” — деп жайгарып койду.Уялбагандан өзүң уял демекчи, “карызды качан бересиң?” — деп улам сурай бергенден өзүң уялат экенсиң. Ошентип “Дүйшөмбү” өндүрүштүк кооперативдик бирикмеси өз ишин токтотуп, жабыла турган болгондо 43125 сомду өз чөнтөгүмөн төлөдүм. Андан бери 27 жыл өттү. Чалсам эле ар кайсы шылтоону айтат. Айлам кеткенде шаарга келип жолуктум. “Күтө туруңузчу эми, берем, качып кетпейм” — деп кайра мага догурунат.
Айылга деле барбайт, же мени кабыл албайт. Деги айламды алты кетирди. Коңшулаш айылдашыңды аксакал болуп туруп сотко бергенден да уялат экенсиң. Айланайын Камчыбек, сен эмес, мен уялып жатам. Аксакал кишини алдап, карызын бербей качып жүргөндөн уялсаң боло!

Булак: Ачык  саясат