Асел Лабаева KG-RUSS кайрымдуулук фонддун негиздөөчүсү: “Ар бир инсан үчүн өзү туулган жер мисир”
21.08.2020Кыргызстан эгемендик алгандан бери чет өлкөнү көздөп агылган мигранттарыбыздын саны миллиондоп саналат. Чет жерде мигрант болуп жүрүп, мекендештерибизди колдоп келген замандаштарыбыз арбын. Бүгүнкү маектешим Москва шаарында KG-RUSS кайрымдуулук фондун уюштуруп, мекендештерибизге жардам колун созгон мекенчил айым Асел Лабаева болмокчу.
— Асел айым, мигранттардын жашоосу, алардын көйгөйлөрү, жыргалы азабына кенен токтолсоңуз…
— Мигранттардын жашоосу белгилүү да, мурункуга караганда жеңилдиктер бар. Мурун көчө шыпыргандар биздин жарандар болсо азыр, кафе ресторанда, дүкөндө, риелтор, курьер жана башка жакшы эле иштерде иштеп калышты. Кыргыздар негизи жөндөмдүү калк келет экенбиз. Алгачкы мигрант болуп келген жылдары батирде көпчүлүк болуп жашап келсек, азыр ар ким өзүнчө батир же бөлмө ижарага алат. Ал гана эмес көпчүлүк мекендештер жеке менчик үйлөрдү сатып алышкан. Элибизде жакшы кеп бар го “Кайда барсаң мамайдын көрү”- деген. Москвада деле иштеген тиштейт. Жалкоолонуп иш тандагандар мекенибизде, кандай жүрсө, бул жерде деле ошол көрүнүш . Кээ бир иштин жолун тапкан мекендештерибиз, учурда кафе ресторан, сулуулук салон, тамак аш дүкөндөрүн ачып калган, азыркы тапта жердештерибизде жакшы жака өзгөрүү аябай көп. Ушунчалыгына шүгүр дешибиз керек. Россияда эмгектенген мигранттар бары эле Кыргызстаныбызга үй жай салып, бутка туруп жатат.
— Мурун жумуш жакшы болчу эле. Азыр жумуштун берекеси жок дегендер да жок эмес…
— Болгону мурун акчанын берекеси мол болчу. Аз акча менен көп иш бүтүрчүбүз. Азыр тескерисинче, көп маяна алып, эч нерсеге жетпей жүргөндөр жок эмес. Себеби азыр Москвада жашоо кымбат. Он жылдан бери жүрүп үй-жай кура албагандар деле бар. 2-3 жыл жүрүп барын бүтүрүп алган азаматтарда кездешет. Айылдан иштейм деп Москвага келип, ичкиликке берилген жигиттерибиз, айымдарыбыз да жок эмес. Аларды көрүп жүрөгүм ооруйт. Мекенибизде жумуш болсо булар келмек эмес деген ойго жетеленем. Ичкилик ичип, жолдон адашкан мекендештеримди көрүп зээним кейисе он эки, он төрт саат тикесинен-тик туруп иштеген мекендештерим менен сыймыктанам. Мен бир нерсеге түшүнбөйм, кээ бир замандаштарыбыз Москвада акча агат деп, ойлоп келишеби… Бирок орустар акчаны оңой менен бербейт экен… Мисалы мен өлкөбүздө эч качан он эки саат бирөөгө көз каранды болуп иштеген эмесмин. Же болбосо ресторанда кондитер болуп иштейм деп, он уктасам түшүмө да кирмек эмес. 2005-2006- жылдары кафе ресторанда ашпоз болуп иштейм десең, таң кала карашчу. Ал эми азыр бүт эле ашпоз болуп иштешет. Айла жок он эки саат иштөөгө туура келет.
— Москвада кыргызды-кыргыз алдайт дегендин канчалык чындыгы бар?…
— Туура эле. Билинбеген менен канчалаган кыргызды кыргыздар алдап, курулушта иштетип акчасын бербей койгондор да бар, байкуштар кийинки айда берет же 10-15 күндө беребиз дешсе ишенип алданып жүрө беришет, жакшылыктан үмүт үзбөй иштешип. Акыркы учурларда курулушта жумуш бар десең, ишеничтүүбү деп сурашат. Себеби 50% курулушта иштегендер акчасын ала албай кыйналып келишет.
— Бөтөн элде жүргөндө өз мекениңдин кадыр баркы өтө сезилет дешет сиздин пикириңиз?
— Бөтөн элде жүрүп мекендин кадырын аябай билет экенсиң. Мурун да мынчалык билинчү эмес. Негедир убакыт өткөн сайын мага аябай билинчү болду. Кыргызстаныма жылда барам, Москвага кайтарда эми барып бир аз иштеп келем, анан мекенимден эч жака кетпейм дейм. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип атат да. Чындыгын айткандай биздин Кыргызстаныбыздай кооз, керемет жер жок экен деп койдум. Менин пикиримде ар бир мигранттын жүрөгү мекен деп жүз пайыз согот. Мигранттык жашоо айла жоктун иши. Ким эле орустун жеринде кысынып жүргүсү келсин. Ар бир инсан үчүн өзү туулган жер мисир. Өз жериңдеги жашоого жетеби…
— Биз сизди Россия жергесиндеги мекенчил айым катары билебиз, элге берип жаткан жардамдарыңыздан анча мынча кабарыбыз бар…
— Биз активисттер бош убактыбызды, коомчулукка жумшайбыз. 2017-жылдан бери KG-RUSS кайрымдуулук фонддун түзүп, мекендештерге жардам берип келебиз. Көбүнчө бизге, ооруган мекендештер кайрылат. Колдон келген тыйынды чогултуп беребиз. Кыргыз Диаспорасында мүчө болуп, элчилик менен биргеликте иштешебиз. Коомго аралашып, элдин көйгөйлөрүн колдон келишинче чечип бергенге аракет кылабыз. Азыр Москвада айылдык, райондук жана облустук коомдук уюмдар көбөйүп калган. Ар бир айылдык коом, өз айылдашына сөзсүз жардам берет . Мисалы мага көпчүлүгү жазышат, көчөдө калдык же болбосо кыйналдык белгилүү себептер менен дешет. Мен шыр эле кайсыл облус же кайсыл райондон экенин тактап, ошол жердин коомдук уюмун таап, жетекчисине кайрылам. Алар сөзсүз түрдө байланышып жардам беришет. Азыркы тапта биздин мекендештер аябай ынтымактуу. Мына дүйнөдө болуп жаткан пандемияга байланыштуу, бизде да жумуш токтоп, көбү үйүндө олтуруп калды. Элчиликтен башка, коомдук уюмдар акча чогултуп, тамак аш алып ар ким өз айыл, райондоруна таркатышты. Сырттан байкалбаганы менен көптөгөн акчалар сарпталды. Ушундай кыйын абалда бири-бирибизден жардам аябай жатканын көрүп, ичиң жылып ыраазы болот экенсиң. Кыргыз жамандык менен жакшылыкта биригет дейт. Башына иш түшсө карап турушпайт. Сөзсүз жардам беришет. Биз ушул жагыбыз менен өзгөчөлөнүп турарыбызды байкадым. Мен учурдан пайдаланып, KG-RUSS кайрымдуулук фонддун негиздөөчүсү катары, жалаң эле Россия жергесиндеги мигранттарга гана эмес бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү мигрант жана башка өлкөлөрдүн жарандыгын алган мекендештерге ыраазычылык айткым келип турат. Себеби: биз бир кыйналган адамга акча чогултсак, Москвадан эле эмес, Корея, Турция, АКШ жана башка дүйнөнүн булуң бурчунан мекенчил замандаштар акча которушат. Рахмат силерге кыргыз боордоштор! Ар дайым биримдигибизден жазбай, кыйналган мекендештерге жардам берүүнү көңүл сыртында калтырбайлы.
Мөлтүр Тилекова
Булак: BULUT.KG