Асан Сулайманов, спортчу: Жумушка кирүүнү пландап, издеп баштадым

Асан Сулайманов, спортчу: Жумушка кирүүнү пландап, издеп баштадым

03.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Атагы алыска угулган, эл бактысына күнү күндөй, түнү айдай жаркып жанган алтындан асыл азамат уулубуз, спортчу Асан Сулайманов менен бир чай кайнам баарлаштык. Сүйлөшө келсең жөнөкөй, күрөшө келсең күчтүү балбан мырза ары кызыктуу маек куруп берди. Эмесе, төмөнкү макалага көңүлүңүздү бурабыз.

  • Ассалому алейкум! Асан мырза, спорт менен качантан бери машыгып келесиз?
  • Валейкум салам!  Грек-рим күрөшү менен он жети жылдан бери машыгып келем, тактап айтканда, 6-классымда баштагам. Мектеп жашымда классташтарым, жоро-жолдошторум барышчу эле. Аларга кошулуп барып калып, ошол бойдон бул чөйрөдөн кете албай калып калдым. Мунун башкы себеби өзүмдүн күрөшкө болгон кызыгуум деп билем. Биринчи машыктыруучу агайым Калиев  Белек. Азыркы тапта деле Жалал-Абадда машыктыруучу болуп эмгектенет. Андан соң Салаев Алтынбек агайдын колуна келдим.
  • Спорттун бул түрүн тандап жатып ал тууралуу маалыматтарга карап чыктыңыз да…
  • Бул күрөш байыркы Грецияда пайда болгон. Ошондон улам грек-рим деп аталып калган. ХIХ кылымдын биринчи жарымында кайрадан иштелип чыгып, 1896-жылы Олимпиада оюндарынын тизмесине кирген. 1898-жылы европалык, 1904-жылы дүйнөлүк чемпионат өткөн. 1912-жылы “ФИЛА” күрөш федерациясы негизделип, курамына 120дан ашуун өлкө кирген. Бул спорттун түрү Кыргызстанга да жетип, учурда ийгилик менен дүйнөнү багындырып жаткан кезибиз.
  • Жетишкен ийгиликтериңизди айтып өтсөңүз?
  • Кудайга шүгүр, мээнеттин акыбети кайтып, мекенимдин аты айтылып, туусу көтөрүлгөн окуялар болуп жатканына элим күбө.  Буга чейин көптөгөн турнир, гран-прилерди утуп келгем. 2016-жылы Кыргызстандын чемпионатында экинчи орунда болуп калып, спортту эки жылга токтотком. Анын үстүнө бир аз жаракаттарга байланыштуу эс алууга да туура келди. Ал ортодо үй-бүлө күттүм. Учурда бир кыздын атасымын.

Кийин кайрадан спортко кайтып келип, биринчи орунду багындырып, жеңишке жеттим.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Болгарияга барып 3-орунду, Кытайда өткөн Азия чемпионатында чоңдор арасында 3-орунга жетсем, июнь айында Нур-Султан шаарында өткөн дүйнөлүк чемпионатка катыштым. Тилекке каршы, бул ирет ийгилик жылмайбады. Буйруса быйыл май айларында өтчүд чемпионатка кайрадан даярданып жаткан чагым.

  • Үй-бүлөңүз туурасында айтсаңыз?
  • Үй-бүлөдө үч уул, үч кызбыз. Алты бир туугандын эң кичүүсүмүн, Үсөн аттуу эгизим бар. Үсөн дагы күрөшчү, бирок, кийинчерээк кызыгы тарап кеттиби, айтор, таштап койду. Ата-энемдин көзү өтүп кеткен.
  • Спортчу болбосоңуз ким болмоксуз?
  • Өмүрүмдүн басымдуу бөлүгү спорт менен өтүп кетти жана таштап кете албайм. Спорттон тышкары иш кылууну деле билбейм.  Анткен менен быйыл жумушка кирүүнү пландап, издеп баштадым.
  • Буга эмне түрткү болду?
  • Үй-бүлөлүү адам болгон соң иштеп, багуу керек. Спорт тармагынан алгылыктуу деле киреше таппайбыз, ошол себептен кошумча жумушта иштөөгө туура келет.
  • Спортко убактыңыз аз болуп калбайбы?
  • Чынында ушундай көйгөйдүн айынан көптөгөн мыкты спортчулар айла жоктон спортту таштап кетишүүдө. Мен спортту таштабоого, убакытты туура бөлүштүрүүгө аракет кылам.
  • Спортчуларга көңүл бурулуп жатабы?
  • Ооба, мурдагыга караганда алда канча жакшы көңүл бурула баштады. Бирок толук кандуу канааттандырат деп да айта албайм. Кудай кааласа, баары жакшы болот. Кыргызстандын намысын коргогон эр-азаматтарыбыз өсүп келе жатышат. Жаштардын басымдуу бөлүгү ичкиликке же пайдасыз жактарга көңүл бөлбөй, спортко, билимге, эмгекке агылып кирип, алып кетип жатканы кубантарлык иш. Жаштардын бул аракетинен жаркын келечекти көрүп, үмүт кыласың.
  • Ар качан ийгилик коштосун! Куруп берген маегиңиз үчүн рахмат.