Аравандык Х.Надиров үй-бүлөсү менен кирешелүү бизнес түптөп, жыл бою түшүм жыйнайт

Аравандык Х.Надиров үй-бүлөсү менен кирешелүү бизнес түптөп, жыл бою түшүм жыйнайт

20.03.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Араван районунун Ачы айылынын 51 жаштагы тургуну Хакимжан Надиров 20 сотых жер тилкесине күнөскана куруп, анын ичине айдаган картошка жана жүзүмдү май айында эле базарга сатыкка чыгарат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Негизи күнөскананын ичине анардын көчөтү тигилген. Алардын арасындагы бош жерлерге жүзүм жана картошка айдалган.

«Күнөскананы 4 жылдан бери иштетем. Алгачкы жылы помидор айдап көрдүк. Кийин картошка, анар, жүзүм өстүрүп баштадык. Анар август айларында бышат», — деди Х.Надиров.

Дыйкан күнөскананы үй-бүлөсү болуп чогуу карашат жана жылына 200 миң сомдон ашык киреше табышат.

«Сыналгыдан күнөскананы көрүп кызыгып баштадым. Учурда күнөсканадан бир жылда 3 жолу түшүм алганга жетишип жатабыз. Күзүндө сарымсак, пияз, укроп жана башка жашылчалардын уругун сээп, кыш мезгилинде аны карап, жазында сатыкка чыгарабыз. Анан алардын ордуна картошка айдап жетишебиз. Негизи картошкадан кийин бадыраң айдаса дагы болот. Бирок биздин жер бир аз муздак болуп калат экен. Андан тышкары талаадан жерлерди ижарага алып, дыйканчылык кылабыз. Күнөскана биздин кошумча киреше булагыбыз», — деди Хакимжан Надиров.

Булак: turmush.kg