Апасын жашырган чиновник
19.02.2020Апасын жашырган чиновник
Журналисттик сапарымда көп адамдар менен байланышууга, баарлашууга туура келет. Маектешим бир күнү белгилүү инсан, атактуу залкар, же бай, же атка минер чиновниктерден баштап катардагы карапайым адам да болот. Апалар жөнүндө жазылган “жүрөгүмдө энекем” аттуу рубрикага далай белгилүүлөрдүн апалары жөнүндө баяндап жаздым. Ар бир адам апасы жөнүндө кеп салганда кубанып, толкунданып, же тескерисинче көзүнө жаш алып маек куруп берчү. Бир күнү белгилүү инсандын апасы жөнүндө жазуу үчүн кайрылдым. Бул мырза колу бошобой жаткандыгын шылтоолоп баш тартты. Күнүгө маек берүүсүн суранып телефон чалгандан тажабадым. Менин чалууларымдан тажадыбы, айтор бир күнү иш бөлмөсүнө чакырып: “Карындашым, апам жөнүндө сөзсүз айтып берем убактысы келгенде. Азыр даяр эмесмин”,- деди. Коштошуп баратып “кызык, апасы жөнүндө да даярданып айтыш керекпи, жөн эле шылтоосу да” деп ичимден таарынып калдым. Чиновниктин апасы жөнүндө кызыгуум тарабады. Эстеген сайын маек бересизби деп суроодон тажабадым. Бир күнү сөзсүз маек берем деп убада берүүдөн ал мырза жалкыбады. Айлар агылып, жылдар алмашты, эмнегедир кызыгуум тарап сурабай да койдум. Бир күнү жумушта отурсам чөнтөк телефонума чоочун номерден коңгуроо келди. Эрине трубканы көтөрдүм.
- Кандай сулуу,-деген тааныш үн. Апасы жөнүндө айтуудан качкан мырза экен.
- Жакшымын.
- Маанайың жокпу?
- Бар эле. Сөзүмдүн аягын жуттум.
- Сени тамактанууга чакырайын дегем?
- Менин колум бошобойт го,-дедим.
- Ии убактың болсо жакшы болмок. Мен апам жөнүндө айтып берет элем,- деди.
- Убакыт табам анда,-деп күлүп жибердим.
Экөөбүз убадалашып, бир белгилүү тамактануучу жайда тамактанып олтурдук. “Сен таарынба, карындашым, сенин апам жөнүндө билгиң келгенине үч жыл болду. Башында маек берүүдөн качканым менен сенин өжөрлүгүң мени маек берүүгө түрттү.” Мени карап жылмайып койду. Күлүмсүрөмүш болгону менен көздөрүндө кандайдыр кусалыктын оту күйүп турганын байкадым. Негедир апасы жөнүндө кеп баштоодон тарткынчыктап турду. Ичимден “каап, кайдан да апаң жөнүндө айт деп жабыштым эле, балким апасы жашында каза болуп, апасы жөнүндө билбей калгандыр, ушул менин кызыкдарлыгымчы” деп өзүмдү жемелеп алдым.
- Кел, чайдан ичсең,-деп чайымды жаңыртты. Ичип атам дегеним менен ойлорум алда кайда алып учат.
- Менин балалыгым жөнүндө айтсам,-деп кеп учугун чубады,-түштүктүн пахтазарлуу айылдарынын биринде төрөлдүм. Жерден боорумду көтөргөндөн баштап эле чоң атам атына учкаштырып, эгин талааларында алып жүрчү. Ал эми атам менен апам студент болгону үчүн мурунку Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында окушчу. Өзүмдүн ата-энем жайкы каникул учурунда эле барганы болбосо, башка учурда айылга жолочу эмес. Мен чоң атам менен чоң энемдин карамагында элем. Ал кишилер менин жашоомдун бир бөлүгү болчу. Чоң энемдин жомогун угуп кыштын узун түндөрүндө чоң атамдын бооруна жабышып, жомоктогу жез тумшук келип калбасын деп уктачумун. Менин ал кубанычым көпкө созулбады. Мектеп босогосун аттаган кезде чоң атам аттан жыгылып каза тапты. Балалык жан дүйнөмө бүлүк түшүп, эң алгачкы жоготууну кабыл алдым. Өлүк шаанисин кылган соң элдин баары кетип, чоң короонун бурчунда чоң энем экөөбүз эле калдык. Негедир күндөр мага кунарсыздай туюлчу. Атам жалгыз эркек. Жалгыз экенине карабай шаарда иштечү. Эки эжеси турмушта болгондугу үчүн үйүбүзгө каттаган киши да аз болчу. Коңшулардын анда-санда абал сураганы болбосо, дээрлик адам келчү эмес. Узун түндөрдө айтылчу чоң энемдин жомогу да азайды. Айлананы ак шейшепке орогон, бети колду тызылдаткан, балалык доордун шаңына бөлөгөн кыш мезгили кирип келди. Жаңы жылда ата-энем шаардан келишти. Менин менден башка эки эркек бир тууганым бар, бирок негедир мен аларга чоочун элем. Бала болуп шаарга бир да жолу ата-энемдин үйүнө барган эмесмин. Айыл ичинде улуулар “кимдин баласысың” десе Абсатардын деп жооп берер элем.
- Кайсы Абсатар? Улакчынын небереси болосуңбу? Чоң атам белгилүү улакчы болгону үчүн өзүнүн аты унутулуп эле “Улакчы” атыгып калган. Ии деп баш ийкечүмүн.

Ата-энем келгенде аябай маңдай жарыла кубанбаганым менен ичим жылып турдум. Бир туугандарым үйгө келип үйгө кандайдыр шаң кошулгандай болду. Өзүмдүн апам бою узун, арыкчырай, чачтары кундуздай кара, музоо кирпик эле. Атам болсо, олбурлуу, кайраттуу адамдай көрүнчү.
Менин сабак даярдоочу бөлмөмдө эки иним менен ойноп жатып суу ичүү үчүн ашканага баш бактым. Мен эшиктин туткасын кармай бергенимде чоң энемдин ыйлап жаткан добушун уктум.
- Мен да карыдым, жаштыгым калган жок. Көп ооруп жүрөм, менин көзүм өтүп кетсе Жаркыным кор болот го. Энесисиң бооруңа тартсаң боло!
- Ии апа, баягы жомогуңузду баштадыңызбы дагы. Жумуштан колум бошобойт. Турат менен Тимурду да апамдар карашат. Өз апам чоёктоду. Азыр эле апамдар мени шаарды көздөй алып кетишчүдөй абалга келе түштүм. Шаарга баргым келген жок. Чоң энемдин жанында эле калсам деп ичимден тиленип жаттым.
- Жүргүлө, чай ичкиле,- апам бизди чайга чакырды.
Дасторкон четинде үнсүз тамак ичип олтурдук. Атам бир кезде мага карап “Жаркын, сени шаарга алып кетелиби?” деди.
- Жок! Мен апамды карайм,-дедим шердене. Чоң энемди апа дечүмүн. Апам кубана “ырысым менин, ушул бар жашоом жарык болуп турат, кичине болсо да арстандай кайраттуу” деп жалбарат.
- Арстандан арстан туулат да,-өз апам сөзүн табышмактантып койду.
Чоң энем “Туратым, Тилегим деле арстандай кубаттуу” дей салды.
- Тилегиңиз кайдагы арстан! Мышыктын дал өзү,-апам маалкатты.
- Жаагыңды жапчы!-деп опурулду атам.
- Ии эмне болду? Чындык ошондой болот,-деп апам каяша кайрыды. Бир заматта үй ичи будуң-чаңга бөлөнүп жатып калдык. Атам апамды чачтан сүйрөп, ур-тепкиге алды. Чоң энем экөөнүн урушуна чыдабай жүрөгү ооруп ооруканага түштү. Сабактан кийин коңшунун баласы мени чоң энеме алып барды. Көкүлүмдөн сылап, чоң энем мага кайрылды “кулунум менин, сен аман- эсен чоңойсоң экен!”
Чоң энем ооруканадан кайткан жок. Мен ата-энем менен шаарды көздөй кеттим. Атам алыс жакта иштечү, айына бир жума эле келет. Калган учурда апам экөөбүз эле үйдөбүз. Инилерим таенемдин колунда, жумасына бир күн эле келишет. Мен болсо таенемдин үйүнө дээрлик барбайм деле.
Апам мени менен иши жок. “Тамак ичтиңби, сабак оку” деп коёт болду. Жашырганда эмне, үйүбүзгө күн куру эмес ар түрдүү эркектер келет. Ичип-жеп, ырдап чоордошот. Анда мен балалыгым менен түшүнбөсөм керек айланада эмне болуп жатканын. Бир күнү да апам адатынча бир эркекти ээрчитип келди. Экөө ырдап-чоордоп олтурса атам сырттан кирип келип экөөнү тең өлө сабап, мас немелерди жип менен байлап салып мени кучактап уктап калды. Эртең менен турсак апам ээрчитип келген киши өлүп калыптыр. Үйүбүз ызы-чуу, атам адам өлтүрүп камалып кетти. Апам мени болсо, жатак мектепке тапшырып салды. Мен жатак мектепте өзүм менен өзүм болуп чоңойдум. Апам ошол бойдон мага кайрылбады. Мага боору ооруган мугалимдер дем алышта, майрам күндөрү үйлөрүнө алып кетишчү. Атам болсо камактан мен армияга кызмат өтөгөнү кеткенимде чыгып келди. Армияда жүргөнүмдө кат алышып турчубуз. Кийин байланыш үзүлдү. Ишенерим жок аракеттенип жүрүп бутума турдум. Үй-бүлө курдум. Дос күттүм, душман күттүм дегендей. Бир күнү сыртта бирөө чакырып жатканын келинчегим айтты. Чыксам – атам. Чүкөдөй болгон чалмени карап турат. Бакырып ыйлагым келди. Атамды үйгө баштап кирдим. Келинчегим, балдарым жакшы кабыл алышты. Атамды кетирбей алып калдым. Бири-бирибизди көпкө көрбөдүк, балалыгым жол кароо менен өттү. Бирок ага атамды күнөөлөгүм келбейт. Апамды күнөөлөйм. Атам биз менен жашаганына жыл айланганда аял алып берүү сунушун киргиздим. Атам чок баскандай секирди. “Жок мен апаңды сүйгөм! Ансыз жашай албайм! Колуңдан келсе апаңды жаныма алып кел.” Жүрөгүм сыздап кетти.
-Апам! Кайсы апам! Мен апам деп чоң энемди гана айта алам. Өз апам болсо мени бала ордуна көрбөдү!-дедим.
Атам жаман болсо да апаң деп туруп алды. Атамды кыйбай апамды издеп таптым. Апам мени кучактап көпкө ыйлады. Менде болсо, сезимим сенек болуп, апам ыйлаган сайын ар күнү үйүбүзгө келген эркектер элестеп жатты. Апамды кечире албаганым менен атам экөөнү бир үйгө бөлүп койдум. Тамак-аш, кийим-кечеден өксүк кылбадым. Бирок өзүм көп барчу эмесмин. Апамды кудай жазаладыбы, айыккыс оору менен ооруп жүрүп өтүп кетти. Ошондо атамдын боздогонун көрсөң чыдап тура албайсың.
“Апаңдын бул жашоодон бакыт таппай кетишине мен күнөөлүүмүн. Мен учурунда келин-кызды көрсөм, кыя өтчү эмесмин. Шоркелдей апаң мага өчөшүп жүрүп бактысыз болуп өттү.”
-Апамдын өлүмү баарыбыздын башыбызды бириктирди. Кыскасы, менде апа деген түшүнүк жок экенин билдиң да,-деди.
Эмне дээримди билбей, уккан кулагыма ишенбейм жаман болдум. Биз коштошуп сыртка чыктык. Маршруттук таксиде тагдырдын таш боорлугуна кейип бараттым.
(Белгилүү себептерден улам каармандардын аты өзгөртүлдү)
Альбина Шадыбекова
Булак: BULUT.KG