«Анжеликанын ырга үнү жетпей калды». Ырчынын жандуу ырдаганы талкууга түштү

Көпчүлүккө маалым болгондой ырчы Анжелика Кайратова өзүнүн 30 жаш курагынын урматына чоң шоу программадагы жеке концертин берди. Кечеге ырчынын жакын санаалаштары, сахналаш кесиптештери катышты. Ырчы адатка айлангандай туулган күндүк концертинде «Анжелика» аттуу айымдарга жана бекер билет таратты. Ага кошумча казакстандык ырчылар да кеченин коноктору болуп жакшы маанай тартуулашты.

Бирок Кайратова өзүнүн аткаруусундагы «Сени ойлосом» аттуу чыгармасын жандуу үн менен атарганы көпчүлүктун купулуна толбой калды.

Сынга алгандардын басымдуу бөлүгү «үнү жок кантип ырдап жүрөт түшүнбөйм», «жандуу ырдай албайт турбайбы», «миң Анжелика болсоң да үнүң ырга жетпей турса кыйын да», «акчанын күчү деген ушул тура, үнү жок» деген өңдүү терс пикирлерин билдиришүүдө.

Бирок албетте ырчынын чыныгы күйөрмандары «Анжелика мыкты» деп айтуудан чарчабай келишет.

Булак:barometr.kg