Анапия Райымбекова: “Ал киши менен өткөргөн ар бир саат — бүтүндөй бир өмүрдү камтыйт”
30.03.2019— Эже, сүйүү бар экенине ишенесизби?
— Ооба, сүйүү бар. Ишенем. Сүйүү бар үчүн турмуш куралып, адам жаралып отурат. Сүйүү жок болсо жашоо өзү кызыксыз болуп калбайбы?
— Жолдошуңуз кыргыздын белдүү режиссёру, канчалаган чыгаан инсандарды сахналаштырган Алмазбек Сарлыкбеков эле… Андай чоң таланттын сүйүүсүнө кантип арзыдыңыз?
— Эми андай чоң таланттын сүйүүсүнө арзууну Кудайым менин шыбагама жазып койсо керек. Ал киши экөөбүздүн сүйүүбүз жөнүндө айта берсе кагаз бети сыйбайт. Таланты ашып ташыган инсандын сүйүүсү да өрт болот экен. Бизди чыгармачылык бириктирди. Алмаз байкеңер ар тараптуу таланттуу инсан болгон, ошону менен катар эле ыр дүйнөсүнөн да кабары бар болчу. Менин ырдаганымды жактырып калыптыр. Негедир ал киши менин колумду сураганда аябай толкундоо сезими болгон. Эмне кылар айламды таппай, биринчи жолу жигит жандагандай сезимге кабылып, өзүмдү жаш кыздай сезип, толкундангам. Ошондой, бизге кол жеткистей сезилген атактуу адам колумду сурайт деп ойломок тургай, түшүмө кирген эмес. Бат эле тил табышып, үйлөнүп алдык. Мен ошондой чоң таланттын өмүрлөшү болуп калганыма Кудайыма абдан ыраазы болуп кетем. Чоң таланттын сүйүүсү да чоң болот экен. Андай таланты ашып-ташкан инсан менен жашоонун өзү ары кызык, ошондой эле татаал тура.
— Кантип тааныштыңыздар эле?
— Бизди белгилүү инсан Темирлан Сманбеков тааныштырган. Жай мезгили, жайлоонун толуп турган кезинде Суусамырда таанышканбыз. Алмаз агайыңар сөздүн бүрүн терип, сүйүүбүздүн башатын түзгөн. Таанышканга чейин чыгармачылык инсан катары сыртынан таанып,
баалачумун. Чыгармачыл адам катары тил табыштык. Көп өтпөй сүйүү тутанды.
— Агай менен өткөргөн учурдан эске салсаңыз?
— Агайың төгөрөгү төп келген мырза болгон. Кайсыл тармак болсо кабары бар, жан дүйнөсү баланыкындай таза, ишенчээк жан эле. Аны менен өткөргөн жашоомо өкүнбөйм, тескерисинче, ошондой экинин бири болгон инсандын өмүрлүк жары болгонума сыймыктанам. Ал киши менен өткөргөн ар бир саат — бүтүндөй бир өмүрдү камтыйт. Сырдана адамдын оюн көзүнөн окуган, таарынып калат дебей бетине сүйлөгөн адам эле. Ырдаганда укмуш ырдачу. Агайың ырдаганда анча-мынча эмгек сиңирген артисттериң ат чабым алыс калчу. А бирок, ал киши мага гана ырдап берээр эле.
— Байкашымча агайдын талантын эле эмес өзүн катуу сүйгөн окшойсуз?
— Мүмкүн. Сүйбөгөн адамды да
сүйдүрүп алган, сыйкырдуу күчкө ээ эле. Канчалык алыстайын деп аракет кылсаң, кандайдыр күч сени ага карай имерип турчу.
— Сүйгөн бакытпы же сүйдүргөнбү?
— Сен кимдир бирөөнү сүйсөң анда кызык. Ал адамдын жашоосуна кызыгып, анын кемчилиги сезилбейт. Ошон үчүн жашоо керемет сезилип, ааламды башкача көз менен карайсың. Чыгармачыл инсан болсо жакшы сезимдерге жетелеген «илхом» жаралат. Сүйгөн адамыңдын көңүлүнө карап, ал ыйласа ыйлап, күлсө кошо күлүп, дүйнөң түгөл боло түшөт.
Ал эми сени кимдир бирөө сүйсө, ал деле жаман эмес. Өзүңдүн кимдир бирөөгө керек экениңди сезесиң. Сен үчүн кимдир бирөө кам көрүп, жакшы сөздөрүн арнап турса деле жаман эмес. Андай учур да бир сонун керемет.
— Таланттуу инсан, өмүрлүк жолдоштон ажыроо кандай таасирин тийгизди?
— Ажыроо өзү эле айтып тургандай, адам баласынын башына келген бир мүшкүл. Жолдошумдан ажыроо менин жан дүйнөмө чоң таасирин тийгизди. Көпкө чейин, ал гана эмес, азыркы күнгө чейин ал кишинин жарык дүйнөдөн өткөнүнө ишенбейм. Жанымда жүргөндө элес албасам керек. Менин жөлөнүп турган тоом кулаганын андан ажыраганда сезбедимби.
— Ал адамдан алган эң эсте калган белегиңиз?
— Кандай майрам болбосун белек бергенди унутчу эмес. Кандай белек берсе да адамдын оюна келбеген, кызыктуу белектерди берип, таң калтырчу. Ал эми майрам болбосо деле көңүлү ачык болсо ар кандай гүлдөрдүн түрүн бергенди жактырчу. Ал эми эсте калган белеги анын бул дүйнөгө калтырган жалгыз уулу Эмир. Андан өткөн баалуу белек жок болсо керек деп ойлойм.
— Чоң таланттан жалгыз эле туяк калганбы? Мурун деле үй- бүлөсү болсо керек эле?
— Болгон, кызы бар. Ал эми эркектен жалгыз Эмир аттуу татынакай уулу эр жетүүдө. Уулунун чоңойгонун аябай күткөн, а бирок жакшылыгын көрбөй кетти.
— Байкашымча сиздерде сүйүү күч болуп, таарынышуу болбогон окшойт?
— Биз деле тирүү жан болгон соң, казан-аяк кагышкан, таарынышкан күндөр өткөн. Такыр тарынышпаганбыз дегендей эмне, куурчак белек. Чыныгы сүйүү таарынчаак болот экен. Кайра бат эле издешип, сагынышып калчубуз. Көрсө ошондо мен ага эркелеп жүргөн окшойм.
— Эң алгачкы махабатыңыз жөнүндө эске салсаңыз?
— Менин алгачкы махабатым, мектеп жашымда башталган. Ал учурду эске салсам, эми кандай деп айтсам экен, аны махабат дейбизби же жөн гана бир сезим дейбизби, айтор, мага жат бир көрүнүш эле, жан дүйнөмө бүлүк түшүргөн.
— Эгер ушу тапта сүйүү келсе эмне кылмаксыз?
— Сүйүү келсе кабыл алмакмын (тамаша). Эми менин жан дүйнөмдөгү музду ээритип, буюккан көңүлүмдү көтөрүп, жүрөгүмдүн ачкычын табыш үчүн Алмаз агайың кайрылып келиш керек. Ага чейин эч ким жан дүйнөмө жаз келтире албайт.
Менин сүйүүм балдарыма өткөн. Ошолор сүйүүнүн мөмөсү деп билем.
— Келечек пландарыңыз кандай?
— Жакшы обондорду колумдан келишинче жаратып, элиме тартуулоо. Балдарымдын келечеги үчүн кам көрүү.
— Көрө албастыкка кандай карайсыз? Сизге да бут тосуулар болгонбу?
— «Адам аласы ичинде» деп коёт, колунан эч нерсе келбей эле бут тосо берген кээ бир замандаштарга капа деле болбойм. «Бирөөдөй боло албаган, болгон элди көрө албаган» акылы тайкы пенделерге боорум ооруйт.