Алымбек Адылбеков, алып баруучу: Беш аял муунтуп өлтүрүп коё жаздаган

Алымбек Адылбеков, алып баруучу: Беш аял муунтуп өлтүрүп коё жаздаган

31.01.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Алып баруучу, комментатор, спорт журналистти, тамада, тамашоучу, актер, айтор, көп кырдуу талант ээси, кыргыздын сыймыктуу уулу белгилүү Алымбек Адылбеков менен маектештик!

— Арыбаңыз Алымбек мырза! Кеңсебизге кош келипсиз?!.

— Бар болуңуз! Кош келдик!

— Боналдуу бирок дайыма актуалдуу дегендей, алгач маегибизди соңку жаңылыктар баштасак?..

— Рахмат… Чыгармачылыкта Ктрк спорт телеканалында жакшы бир проект даярдап жатабыз. Кудай буйруса, жакынкы күндөрдө күбө боло аласыздар.  Ал эми жеке жашоодо үчүнчү перзентибизди күтүп жатабыз. Мындан тышкары ак өргөлүү болдук.

— Кут болсун! Сизди тамада, алып баруучу, комментатор, спорт журналистти, тамашоучу катары билебиз, дагы башка кандай таланга ээсиз? Дегеле мунун башталышы кандай болгон?

— 1 % талант, 99 % аракет болду окшойт… Бала чагымда чыгармачылыкка аралашам деп такыр ойлогон эмесмин. Ооба, бирде футболчу, бирде президент болом деп кыялданаар элем.
Эми футболго аралашууга кеч болуп калды окшойт. А президенттикке ушул чыгармачылык аркылуу барам.
2010-жылы Зияш Турдубеков менен таанышып калып,  Тамашоуда бирге ойноп калдык. Убакыттын өтүшү менен алып баруучулукка жетип, кийинчерээк тойлорго кызыгып баштап, тамада да болуп кеттик. Айтсам, өзүмдү баардык жактан сынап көргүм келет. Кыска метраждуу тасмаларга, клиптерге да түшүп жүрөм. Келечекте толук метраждуу тасмага тартылууну каалайм.

—  Президент болуп калсаңыз алгач ишти эмнеден баштайсыз?

— Саясатка аралашып баштаганда ишти эмнеден баштаарым билинет деп ойлойм. Балким, ага чейин бүгүнкү күндөгү көйгөйлөр чечилип калаттыр. Бул суроого ошого жакын так жооп берем.

— Сизди мыкты тамадалардын бири деп билебиз. Азыр сөзгө чечендин баары эле тамадалыкты жактап, эки күндүн биринде той канада болуп калышбадыбы. Атаандаштык күч болсо керек?

— 2012-жылы тамадалыкты баштадым. Башында анда-санда тойго чыксам, Кудайга шүгүр, соңку 2-3 жылдан бери күндө майрам, күндө той болуп жатат.
…туура айтасыз, тамадалар абдан көбөйүп кетти. Бирок, мунун баары жакшылыкка. Эл көңүлүнө жакканын тандайт. Бизде таланттуу жаштар бар экени кубандырбай койбойт. Атаандаштык бар жерде өсүү болот. Бирок, бир күн келет, сандан сапатга өтөбүз… Чыгармачылыкта атаандашуубуз мүмкүн, бирок, жашоодо андай нерсе жок. Баарыбыз сый мамиледебиз.

— Кайсыл жерде адис көп болсо арзанчылыкка батат дейт. Тойдогу ставкалар төмөн түшүп кетүү коркунучу жокбу?

— Туура айтасыз, той болоор күндү белгилеп, сүйлөшүп, кол алышкан соң кийин кайра чалып арзаныраагын таап алдык деп айткандар болот. Чындап эле ставкалар жыл өткөн сайын түшүп бара жатат. Буга улуу агалар деле кошулса керек. Бирок деген жери бар, канчалык мыкты тамада болсоң, эл сени тандайт жана ставка эч качан түшпөйт.
Буга чейин сиздерге интервью берген элем. Эсиңизде болсо, арзан бааны айткам. Кээ бирөө «Жакшы алып баралбайт окшойсуң, эмне мынча ставкаң арзан ыя?» дегендер да болду. Быйыл так ставкамды 300 доллар деп койдум. Музыкантым менен барам.

— Тойдогу эсте калган окуялардан айтып берсеңиз?

— Бир үлпөт тойдо оюн уюштуруп калдым. Оюнга айымдарды чыгарып, «Галстук алып келиңиздер» десем тойдо галстукчан мырзалар жокбу же шашып жатып ким галстук менен отурат байкабай калыштыбы, айтор, 5 аял мойнуман талашып, муунтуп, өлтүрүп коёюн дешкен эле. Бир кыжырың келсе, бир күлкүң келип, ыңгайсыз абалда калгам. Той бүтүп, үйгө келип мойнумду күскүдөн карасам кызарып калган экен. Ушул окуя эч эсимен кетпейт.

— Тойдогу ойго келбес оюндарды уюштурган тамадалар бар. Андай видеолор социалдык тармактарга тарап, талкууга түшүүдө, бул боюнча кандай пикирдесиз? Буга той ээси менен тамада күнөөлүбү же оюнга түшкөн конокторбу?

— Соңку убакта төмөн деңгээлдеги оюндар көбөйүп кетти. Андай оюндарга менимче тамадалар эле күнөөлүү болушу керек. Той ээси ал тамадага ишеним артып, атайын чакырып жаткандан кийин тойду тамада жакшы башкарып бериш керек. Келген коноктор деле той ээлерин сыйлап, оюнга чыгып беришет да. Чыккысы келбегендерди деле кээ бир тамадалар сүйрөп чыгарышат. Тамадаларга мындай жоруксуз оюндарды уюштурууга болбостугу белгилүү болуп калса керек. Буйруса, баары ордуна келет деп ойлойм. Ал эми менин тойлорумда мындай  нерселер болгон эмес жана болбошуна кепилдик бере алам.

— Эми чыгармачылыктан, бир аз алыстап, үй-бүлөгө келсек. Алымбекстан мамлекети жөнүндө айтсаңыз?

— Кичинекей мамлекетибиз жакшы. Кызым келе жаткан мартта 4 жашка чыкса, уулум майда 2 жашка толот. Буйруса, жана да айтып өткөндөй үчүнчү перзентибизди күтүүдөбүз. Жана башта айткандай үй салып жаткан элек, бирок толук бүтө элек. Буйруса, 2019-жылдын күз айларында бир нече тойдун башын бириктирип, той беребиз. Сиздерди чакырабыз, келип кетиңиздер.

— Алдыга койгон пландар менен бөлүшө кетсеңиз?

— Алдыга койгон пландарым өтө көп. Баарынан да чыгармачылыгымды дагы бекемдейм. Кудайым буйруса, убагында күбө болосуздар.

— Чоң рахмат, чыгармачылык ийгилик каалайбыз!