Алмаз ШААДАЕВ, ырчы:Өз тилин билбеген кыргыздарды «маңкурт» деп эсептейм

Алмаз ШААДАЕВ, ырчы:Өз тилин билбеген кыргыздарды «маңкурт» деп эсептейм

13.09.2019 Выкл. Автор bulut.kg

— Кыргыз тилине биздин салымыбыз — ушундай бай, байыркы тилибизди барктап, орусча аралаштырып тантыбай, нукура, эл алдында жеткиликтүу сүйлөп жүргөнүбүз маанилүү да. Негизи эле эне тилден өткөн асыл эмне бар бизде? Өз тилин билбеген кыргыздарды «маңкурт» деп эле эсептейм. Кээ бир орусча сүйлөгөнүнө сыймыктанып, кыргызчадан намыстанып жүргөндөр, ошол орус тилин мода көргөндөр бар. Акылы тайызыраак мындай жаштарга түшүнө албайм. Тилибиз бар үчүн кылымдарды карытып, кыргыз болуп сакталып келебиз. Тилибизден айрылсак, улутубузду, элдигибизди да жоготобуз. Ар бир кыргыз уул-кызы кыргыз тилинде так сүйлөсө,барктаса, дилибиздин өнүгүшүнө салым кошкону катары эсептейм.

Булак: «Назарнюс»