Алмаз Сокеев, мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин директору: “Иш билги кадрлар бар жерде ийгилик болот”
11.05.2021– Суу ресурстары өлкөбүздүн түгөнгүс байлыгы. Акыркы учурда суу азайып жатат деген кыйкырыктар угула баштады. Өлкөбүздүн суу чарбасынын бүгүнкү абалы кандай?
– Суу ресурстары жыл сайын аккумуляцияланып, толукталып турган өлкөбүздүн түгөнгүс байлыгы. Суу ресурстары жылдан-жылга азайып жатат. Менимче, мөңгүлөрдүн 100 жылда азайып, 100 жылда көбөйчү процесстери бар. Суу ресурстарыбыз азайып жатканына байланыштуу үнөмдүү пайдалануу абзел. Кыргызстанда жерибиз дагы чектелген, 1 миллион 200 гектар сугат жерибиз бар. Суу чарба жана мелиорация мамлекеттик агенттигинин алдында суу чарба жана обьектилерди коргоо дирекциясы түзүлгөн. Аталган дирекция сугат жерлерди көбөйтүүнүн аракетин көрүп, жаңы жерлерди өздөштүрүүнүн пландарын коюп, 2008-жылдан тартып ушул ишти баштап, бүгүнкү күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда Бүргөндү массивинде 4000 гектар жаңы жер өздөштүрүлдү. Жалпы Баткен, Нарын облусунда 5000 гектардан ашык сугат жер өздөштүрүлдү. Биздин программа боюнча 2026-жылга чейин 60 миң жаңы жер өздөштүрүү, суу сактагычтарды куруу пландарыбыз бар. Ислам Өнүктүрүү банкы аркылуу 3 суу сактагыч, экөө Нарын облусунда, бирөө Ысык-Көл облусунда курулганы жатат. Эгер суу сактагычтарды көбүрөөк курсак, ноябрдан майга чейин сууну топтоп, топтолгон сууну жана дарыядан аккан сууну суу пайдалануучуларга жеткирсек суу тартыштыгы жаралмак эмес.

– Инвестиция тартуу менен ири иштерди ишке ашырууга болот. Инвестиция тартуу, каражат маселесин чечүүдөгү аракеттерге токтолсоңуз?
– Кыргыз Республикасынын бюджетинде акча каражаты тартыш болуп жатканына байланыштуу акча булагын табуу үчүн инвестиция тартуу маселесин колго алып, инвесторлор менен чогуу иш алпаруудабыз. Буга биздин өлкө башчыбыз, Өкмөтүбүз көңүл буруп, чоң жардамын берип жатат. 2017-жылы 2017-2026-жылдардагы мамлекеттик программа бекитилген, программанын негизинде 46 обьекттин курулуш иштерин бүткөрүү каралган. Бүгүнкү күнү инвестор тартылып, 20 обьектти каржылоо булагы аныкталды. Кытай Эл Республикасынын гранттык колдоосу менен 6 обьект каралып, анын 3 обьектиси бүттү, 3 обьектинин курулуш иштери былтыр башталмак, пандемияга байланыштуу быйыл башталып жатат. Ислам Өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган 1 обьектибиз эмки жылы сугат иштери башталганга чейин аягына чыгат. Мындан тышкары, Ислам Өнүктүрүү Банкы аркылуу дагы 4 обьектини каржылоо булагы аныкталды. Европа банкы тарабынан 5 обьектинин каржылоосу чечилип жатат. Кытай Эл Республикасынын грантынын экинчи фазасына дагы 3 обьект кирет. Корей фонду 2 обьектиге грант берүүнү колдоп жатышат. Жакында эле 4 обьектини каржылоо боюнча кат жибердик, чечилип калса, 46 обьектинин курулуш иштерин каржылоонун 70 пайызын инвестициядан тартып келсек, 30 пайызы мамлекеттик бюджеттен каржыланат.
– Чет өлкөлөргө көп чыгып жүрөсүз. Кайсы мамлекеттин айыл чарба, суу чарба тармагынан үлгү алсак болот?
– Европанын бүт эле мамлекеттери өнүккөн. Португалия, Испания, Италия өзүнүн ички чарба каналдарын толугу менен бүтүрүп, дарыя кеткен 3-4 мамлекеттин көйгөйүн чечип коюшкан. Аларда суунун баасы кымбат, булар сууну баалайт. Бизде 1 куб суунун баасы 3 тыйын. Суу сатылбайт, бир гана кызматы төлөнөт. Японияда, Кореяда суу боюнча көйгөй жок. Сууну кантип сатуу керек, керектөөчүлөргө кантип жеткирүү маселеси тууралуу Европадан үлгү алсак болот. Кудай буюрса, биз дагы акырындык менен үйрөнөбүз. Учурда биздин фермерлердин 90 пайыздан ашыгы суунун төлөмдөрүн төлөп, суунун кадырын билип жатышат.

– Дасыккан адис, жетекчи катары суу чарба тармагын өнүктүрүүнүн кандай жолдорун сунуштайт элеңиз?
– Суу чарбасы чоң тармак, муну бир сөз менен айтуу кыйын. Адегенде ички көйгөйлөрүбүздү чечишибиз керек. Райондук суу чарба башкармалыктарын жакшылап карап, бюджеттен акча күтүп отурбай, атайын учетту көйбөйткөнгө, техниканы иштетип акча каражатын табууга аракет кылалы деп жатабыз. Суу чарба тармагын өнүктүрүү үчүн эксплуатация жагын жакшылап карап, жаңы каналдарды куруп, жерлерди өздөштүрүп, болгон мурунку сеттерди оңдошубуз керек. Азыр 70-80 пайызы союз убагында курулган каналдар, ошолорду оңдоп, биздин негизги милдетибиз сууну фермерге жеткирип беришибиз керек. Жогоруда айткандай көбүрөөк суу сактагычтарды куруп, өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды кароо зарыл.
– Кээ бир адамдар кесип үчүн жаралгандай таасир калтырат. Кесип сизди тандадыбы же сиз кесибиңизди тандадыңызбы?
– Бала кезимден менеджер болсом, бир тармакка салымымды кошсом деген кыялдарым бар эле. Анан да суу чарбасы мага бала чагымдан кызык тема болчу, суу каякка кетет, каяктан келет, кантип чыгарышат деген толгон-токой суроолорго жооп издечү элем. Кудай тилегимди берди окшойт. Атам өмүрүн мамлекеттик кызматка, анын ичинде айыл чарба тармагына арнап, иштеп келе жатат. Атам айылда инженерден баштап райондо аким, Чүй облусунда губернатордун орун басары болгон. Учурда Чүй районундагы агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси. Бир чети бул менин бала чагымдагы кыялданган кесибим болсо, экинчиден, ата жолун жолдодум десем жаңылышпайм.
– Мамлекеттик кызматкер, жетекчи кандай болуш керек?
– Мамлекеттик кызматта мамлекет бизди иштеп бер деп жалдайт, биз менеджер уюштургуч болушубуз керек. Бир тармакты оңдоп, үнөмдөп, жакшылап иретке келтирип, өз өлкөбүзгө салым кошуу эр жигиттин милдети деп билем. Кыргызстан боюнча биздин тармакта 5000 кызматкер бар, бир киши 5000 кишини иштете албайт, бир киши 10 кишини, 10 киши 30 кишини иштетип бир система түзүлүш керек. Өз жумушун так билген иш билги кадрлар бар жерде ийгилик, жетишкендик болот.
– Жумушуңуздан сырткары дагы эмнеге кызыгасыз?
– Суу чарбасынан сырткары айыл чарба мага абдан кызыктуу. Мындан башка дагы мал чарбачылыгы, багбанчылык менин хоббим. Жыл сайын бак-дарак тигип, жан баладай карап, мээрим төгүү менен рахат алам.
- Ийгиликтүү эркектин артында күчтүү аял турат дейт…
– Бул сөзгө толугу менен кошулам. Көп нерсе аялга байланыштуу болот. Анткени биз жумуштан чарчап келгенде тамагын белендеп, майда-чүйдө көйгөйдү айтпай, балдарды тарбиялап билинбеген көп түйшүктү көтөргөн аялдар. Кудайга шүгүр, 5 балабыз бар. Жубайымдын кесиби юрист, бирок балдар менен көп жыл үйдө болду, азыр жеке ишкерлик менен алектенет.