Алмазбек Атамбаев курдурган мечит камакка алынды

Алмазбек Атамбаев курдурган мечит камакка алынды

05.09.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Буга чейин мурдагы президенттин 135 мүлкү камакка алынып, 20сы кайра чыгарылган.

 Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев салдырган Бишкектеги «7-апрель шейиттери» мечити камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

«Юнусалиев көчөсү, 173/1 дарегинде жайгашкан мечит факты жүзүндө Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болгон «Форум илимий-өндүрүш фирма» ААКсына катталган. Андыктан, Биринчи Май райондук соту аталган мүлктү камакка алуу чечимин чыгарды», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда мечитти курууга кеткен каражат кандай алынганы иликтенип жатканын кошумчалашты.

Буга чейин мурдагы президенттин 135 мүлкү камакка алынып, 20сы кайра чыгарылган. Камактагылардын ичинде «Форум илимий-өндүрүш фирма» ААКсы дагы бар болчу.

7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок ал ишке ашпай калган. 8-август күнү ИИМ атайын операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген болчу. Ошол күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтарыбыз деп «Ала-Тоо» аянтына чогулган адамдарды милиция күч менен тараткан болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Спецназдын бир кызматкери окко учкан. Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Аны менен кошо бир нече жактоочусу да кармалган болчу.

Булак:ayan.kg