Адил Турдукулов: «Өсүү темпи боюнча артта калдык»
17.03.2019«Аксы окуясы 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы революциянын себеби да, негизи да болуп берген. Бирок ошол убактагы кыялдар, талаптар аткарылган жок» деп бүгүн, 17-мартта жарандык активист Адил Турдукулов Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында билдирди.
“2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен экономикасынын өсүү темпи боюнча Кыргыз өлкөсү эң артта калды. Ички жана тышкы инвесторлор мамлекетибизден колун шилтеп кетип жатат. Керек болсо башка өлкөлөр куруп берген “Жунда”, “Жер Үйдү” биздин өкмөт иштетүүгө алы келген жок. Бул “өз көлөкөсүнөн корккон өкмөттүн чабал ишинин” жыйынтыгы. Анткени Абылгазиевдин “жогору жакка жаман көрүнүп калбайын” деген эле ою бар. Алсыз өкмөттү, күчтүү өкмөт кылып көзөмөлдөгөн парламент болушу шарт. Оппозицияны ордосу — бул “форум” эмес, Жогорку Кеңеш болуш керек. Бирок парламент олигархтардын борбору болуп калган, ал жакка элдин көйгөйүн эмес, өз капчыгын толтурууга жана бизнесин калкалоо үчүн депутат болгону барып жатат. 2002-жылы Бекназаровду сот Ак Үйдүн буйругу менен кандай соттосо, азыр да бийлик кимди кандай соттогонго буйругун берип келе жатат.
КТРК кантип Аксы окуясын жашырып, элди экиге бөлүп келсе, азыр деле жакпагандарга карата “Белизгейтти” токуп коёт. Ошону жасаган Абдил Сегизбаевге жана Индира Жолдубаевага карата кылмыш иши ачылып, алар камалышы керек.
Атамбаевдин эң башкы жетишкендиктеринин бири – Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхында биринчи жолу бийлик өткөрүп бергендигинде жана парламентаризмди орнотууга жол ачканы.
Биздин азыркы талабыбыз бул салтты улап 2023-жылы, 4 жылдан кийин Сооронбай Жээнбеков бийликти тынчтык жолу менен, адилеттүү шайлоо аркылуу өткөрүп бериши керек. Экинчиден, парламентаризмди аягына чейин орнотуу.
Ал үчүн президенттин институтун жоюш керек. Негизги саясий фигура премьер-министр болушу абзел. Башкы прокуратура, УКМК саясий куугунтуктун куралы болбош үчүн бул кызматтар президенттин алдында эмес, эл алдында жооп бериши абзел. КТРКны накта коомдук канал кылуу шарт.
Жергиликтүү бийлик да көз карандысыз болушу керек. Ош жана Бишкек шаарынын мэрлери түздөн-түз элдин добушу менен шайланышы керек. Ошондо гана биз 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы революцияны аягына чейин жеткиребиз”, — дейт Турдукулов.
Булак: super.kg