Акзыйнат Эшпаева ырчы: «Туз насип буйруса Акман айылына барып калармын»
18.04.2019“Аккан арыктан суу агат” деп элибизде бекер жерден айтылбаса керек. Сахнага жаңы талпынып чыгып келе жатса да ырдаган ырлары угармандар тарабынан жакшы колдоого алынып жаткан Акзыйнат Эшпаева, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токон Эшпаевдин жана үч-Теректин үч кызынын кенжеси Лира Райымбекованын кызы. Токон Эшпаевдин атагын чыгарып жүргөн уул-кыздарынын катарын Акзыйнат да толуктап олтурат буйруса, келечеги алдыда деп туралы.
— Акзыйнат, ырчы болуу бала кезден берки кыялың беле?
— Чындыгын айтуу керек, мурун-кийин ырдап чыгуу жөнүндө деги эле ойлонбоптурмун. Апамдын концерти болор астында мага белек катары бир ыр сахнада аткарып берсең боло деген сунуш киргизди. Башында анчейин көңүлдөнгөн жокмун. Кантип ырдамак элем деген ойго жетелендим. Бирок апамдын көңүлүн кыя албай, бир ырды сахнадан белек катары сунгум келди. Ар кандай ырларды өз алдымча ырдап көрдүм. Негедир табитиме жакпай туруп алды. Бир топ күндөн соң атамдын репертуарындагы ырларын угуп олтуруп “Акманым” деген ырына токтолдум.
— Эмне үчүн Акманымды тандап алдың же сен Акман айылына бардың беле?
— Жок мен Акман айылына барып көрбөптүрмүн. Атамдын биринчи жубайы Иноват апам, айтылуу Акман айылынын кызы экенин билем. Туз насип буйруса Акман айылына да барып калармын.
Негизи атамдын ырларынын, обондорунун ар биринин сөздөрүнүн маани-маңызы терең, адамдын жан дүйнөсүнө туура келчү, көмөкөйдө катылган нерселерди козгоп кетчү касиеттүү саптар бар экени жалпыга маалым эмеспи. Негедир “Акманым” деген ыры жан дүйнөмө туура келди. Обону, менин диапазонума туура келерин байкап, ушул ырды ырдап көрүүгө бел байладым.
— Ырды шар аткарып кете алдыңбы?
— Жок. Чындыгын айтуу керек, атамдын ырын ырдайм деп тандап алганым менен, атамдын деңгээлинде элге жеткизе албасамчы, ырды бузуп. Угармандарды иренжитип албаймынбы деген санаркоолор көп болду. Көп түйшөлдүм. Акыры бир чечимге келип ыйык сахнада ырдап чыктым. Атамдын деңгээлине жеткизе албасам да, угармандар өз деңгээлимде жакшы кабыл алышты. Буйруса ийгиликтүү ак жолтой ыр болду деп ойлойм.
— Жогоруда атамдын биринчи жубайы Иноват апам деп кеп козгой кеттиң. Эгер сыр болбосо, атаңдын байбичеси менен мамилеңер кандай?…
— Бул жерде эч кандай сыр деле жок. Атамдын байбичеси Иноват Камбаралиева апам, учурда Ош шаарындагы музыкалык мектептин директору. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Ош шаарындагы белгилүү айымдардын катарында турат. Мени өз кызындай көрүп, жакшы акыл насааттарын берип келет. Иноват апам экөөбүздүн мамиле атам бар кездегидей эле өз күчүндө.
— Атаңдын башка балдары менен катышасыңбы?
— Ооба. Атамдын Иноват апамдан эки кыз, үч эркек баласы бар. Биз жалпы алты бир тууганбыз. Улуу эжем Акмаанай. Атамдын жолун улап жакшы ырдап жүрөт. Адилет деген бир тууганым аккордеонду жакшы ойнойт. Атамды ошол Адилет тартты деп ойлойм. Калган бир туугандарым өз бизнестери менен алек. Чыгармачылыктан алыс. Алар менен мамилем жакшы.
— Жалгыз кыз болуп калдым деп өкүнгөн учуруң болду беле?
— Лира апамдын жалгыз кызы болгонум менен, атам башка бир туугандарым менен катыштырып, бири-бирибизге боор тарта чоңойгон үчүнбү мен өзүмдү жалгыз сезбейм. Таянар тоо, жөлөнөр бир туугандарым бар деп сыймыктана айта алам. Бир туугандарым бар.
— Эки башка аялдан төрөлгөн бир туугандардын арасы өтө жакын болушу сейрек кездешет эмеспи?
— Эми турмуштун жолу татаал деп коюшат го. Мен ата-энемдин тагдырын сынга ала албайм. Бул жерде менин келечегиме абдан жакшы кам көрүлгөнүн гана түшүнөм. Сиздин берейин деген оюңузду түшүндүм, мен өгөй турмуш көрбөдүм. Мен жарыкчылыкка келип, эс тартып баштагандан баштап, атам, Иноват апам мага жакшы мамиле жасашты. Алардын үйүнө барганда мен өз үйүмө баргандай эркелечүмүн. үйдө болсо Лира апам көзүмдү карайт. Ошентип мен эки үйдүн эркеси болуп бой жеттим. Бул башка аялдын баласы деп жерибей өз кызындай кабыл алган Иноват апамдын айкөлдүгү болсо керек. өгөй, бөтөн деген нерселер менин жашоомо жат көрүнүш. Лира апам да өз туугандарым менен катташуума эч качан чек койбоду. Атам, өтө жакшы инсан эле. өмүрүнүн акырына чейин мага жардам колун созуп келди.
— Мектепте кандай окудуң?
— Мен мектепке Бишкек шаарынан бардым. Лира апам экөөбүз Бишкек шаарына мен мектеп жашына чейин эле көчүп келдик. Ошондон бери борбор калаада жашайбыз. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктап, Учурда Кыргыз улуттук консерваториясында скрипка бөлүмүндө окуп жатам. Биринчи курстамын.
— Чоң сахнанын даамын таткан соң артка кайткың келбей ырдагың келе баштаса керек го…
— Чыгармачылык деле атадан балага өтөт тура. Менин атам, элибиздин мыкты обончу ырчысы болгон, апам да элдин сүймөнчүктүү кызы эмеспи, менде да ата-энем сыяктуу талантым бар болсо керек. Чоң сахнада тушоом кесилип калган соң, ыр дүйнөсүн тандап алдым.
— Каршылыктар болгон жокпу?
— Лира апам бир аз каршылык көрсөттү. Чыгармачылык деген бул түгөнбөгөн кен. Анын артынан сая түшүп, бийиктиктерди багынтам деп кууп олтурасың, бул жолду тандаба деди. Мени уксаң эгер жактырган жигит колуңду сураса турмушка чык деген кеңешин берди. Негедир мен ыр дүйнөсүн тандап туруп алдым. Апам да айла жоктон көндү.
— Ырдоо сен үчүн утурумдук хоббиби?
— Жок. Ырдоо мен үчүн, күнүмдүк көңүл көтөрчү хобби катары эсептебейм. Мен ырдоону кесип катары кабыл алгым келет. Буйруса, терең билим алып атамдын ырдаган бардык ырларына экинчи өмүр берип ырдасам деген изги тилектерим бар.
— Апаң ырдоонун жол-жобосун үйрөтүп жатса керек?
— Башында апам каршы болду. Эми апамдын эмнеге каршы болгонун жон терим менен сезе баштадым. Көрсө, ырдап коюу менен эле маселе чечилбейт тура. Ыр жаздыруу, форма тиктирүү жана башка толгон-токой кыйынчылыктарды билгени үчүн каршы чыккан тура деген ойлорго жетеленип калдым.
— Атаңа жакын болсоң керек…
— Туура. Атам ыраматылык алтын киши эле да, элдин сүймөнчүктүү уулу. Кыргыз Республикасынын эл артистти Токон Эшпаев 1950-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Керме-Тоо деген айылда төрөлүптүр.
Учурунда Ырысбай Абдыкадыров, Жолдошбек Мамажанов, Жолболду Алыбаевдер менен замандаш болуп, ошолор менен тизгиндеш болуп азыркы тил менен айтканда популярдуу болуп, 70–80-жылдарда жылдызы жанса керек. өз учурунда чыныгы жылдыз болсо керек деп атамды элестетем. Себеби, ал кезде азыркыдай оңой жылдыз болуп кетүү жат көрүнүш болсо керек эле. Чыныгы таланттын ээси атам учурунда Ош филармониясында директор болуп иштеген.
— Эмнеге өкүнөсүң?
— Менин өкүнүчүм, атам арабыздан эрте кеткени. Менин минтип сахнага аралашканымды көрбөй калды. Биздин жакшылыктарды көрсө болмок деген өзөк өрттөгөн өкүнүчүм бар…
Булак: Жаңы Ордо