Акаев, Бакиев, Атамбаев…
22.08.2019Жакынкы күндөгү Бермет Акаеванын Кыргызстанга келиши бир топ талкуу жаратып жиберди. Ошондой эле бул окуя, биздин алгачкы эки Президент жөнүндөгү ой-толгоо, пикир айтууга түрткү берди. Экөө тең кылган иштеринин натыйжасында элдик революцияга туш келишип, Мекенинен алыска качып кетүүгө аргасыз болушкан. Азыр бири Москвада, экинчиси Минскиде жашашат. Экөөнүн үстүнөн тең кылмыш иштери козголгон. Бирок, кийинки мезгилде кайрадан буларды реаблитация кылуу аракеттери ачыктан-ачык байкалууда. Биз бул жерден бир гана ошол качып кетүү фактыларына токтолгубуз келет.
Жаалданган эл 5005-жылы ак үйдү курчоого алганда, Акаев эч кандай ок атпоону буйрук берип, кан төгүүсүз Москвага качып кеткен.
Ал эми 2010-жылкы революцияда Курманбек Бакиев Ак үйдү коргош үчүн 90 баланын канын төгүп кеткен. Бирок, ал баары бир Белоруссияга барып баш баанек кылып жүрөт.
Кийинки мезгилде, 2 телеканал Бакиев боюнча мактап-жактаган документалдуу фильм көрсөткөн. Андан сырткары социалдык тармактарда аны көбүртүп мактагандар да арбын болууда. Алар керек болсо ок аткан эмес дегенге чейин барууда. Алардын арасынан өзгөчө экс-депутат Надира Нарматова айрымаланып турат. Экс-депутат айымга бул жөнундө тартылып калган ондогон видеокадрларды көрүп чыгууну сунуш кылат элек. Бул жашоодо адамдын өмүрүнөн башка кымбат эч нерсе жок. Ошондуктан кан төгүп качып кеткен президентти мактоо акылга сыя турган иш эмес.
Жаман көрөбүзбү жакшы көрөбүзбү бирок экөөнөн айрымаланып Алмазбек Атамбаев бийлигин тынчтык жолу менен өткөрүп берди эле. Эки тараптын тең жан жөкөрлөрдүн аракеттери ишке ашып экөөнү эки жолго салып тынышты. Экөөнү элдештирүүгө жада калса Путин да киришип, бирок майнап чыккан жок. Атамбаевге коюулган күнөөлөрдү териштирүүлөр али алдыда. Качпаса да Атамбаевдин тагдыры түрмөдө буйруптур.
Биздин өлкөдө Президент кызматтан кеткенден кийин көчөдө ээн эркин басып, татыктуу атуул катары жүрө алабы?
Булак: ARGUMENT.KG