Айткан жомогу соңуна чыкканда…
08.05.2021
Былтыркы жыл оор жылдардан болгону жалпыбызга маалым. Көп жакшы санаалаштарыбызды жоготтук… Кыргыздын каймактарынан айрылдык, сыздадык, ыйладык дегендей… Көптүн катарында Орто Азияга белгилүү аалым Чубак ажы Жалиловдон да ажырадык…

Чубак ажы Жалилов менен бир айылданмын, бир тукумдун балдарыбыз, өзүмдүн жакын агам эле. Бирок көзү тирүү кезинде маек бергенге убактысы тартыш болду. Мен деле учуру келгенде чыгынып берер деген ой менен көп этибар албадым. Анда кайдан билдим акемдин эрте бул дүйнөнү таштап кетип, мен кагаз бетине, көз жаш төгүп эскерме жазып калаарымды. Жакындан таанып билген инсандын көзү өтүп кеткенде эскерип жазуудан азап нерсе жок тура…

Чубак ажы өткөндөн бери өз алдымча куран окуп жүргөнүм менен туулуп-өскөн үйүнө куран окутуп бара элек элем. Барууга көңүлүм келгени менен жүрөк даабай жүрүп акыры батынып бардым. Атасы Тажибай агай тосуп алды. Куран окудук, акемдин жаш кезин, мектеп курагын эстедик, көз жаш төкпөгөнүбүз менен жүрөгүбүз тилинип ыйлап турду. Коштошордо Тажибай агайым( мен окуган мектепте жыйырма алты жыл директор болгон) Чубак ажы жөнүндө китеп жаз деген оюн билдирди. Акем жөнүндө китептер жазылып жатканын уктум эле дедим.
— Китеп жазып жаткандар Чубак ажы болуп атактуу болгондо тааныгандар. Ал эми сен бала кезинен баштап бир айылда чоңойдуң, сен китеп жазсаң жараша берет. Мен сага ишенем,-деп бата берип узатты. Макул аракет жасайын деп жол уладым… Чубак акемдин бейит башына барып кетейин деп досу Кубат акени ээрчитип бардым. Биздин айылдын мазары… Чын дүйнөгө аттанган айылдаштарымдын турагы. Апасынын жанына коюлган деп көрсөттү. Чын эле апасына ыктап, жөлөнүп жаткандай көрүндү көзүмө. Эмне мынча шашып келдиңиз бул жерге, шашпасаңыз деле келет элеңиз го деп топурагын кармадым. Андан башка кеп айтууга дарманым келбеди.

Бишкекти көздөй жол тарттым. Машинеде жай ыргактагы музыка жаңырат. Бир кезде айдоочу Чубак ажынын элге жооп берип жаткан баяндарын угуза баштады. Жүрөгүм зырп этти. Жан дүйнөм жанчылып, тээ бактылуу балалык күндөрүмө сүңгүдүм. Атагы ааламга тараган Чубак ажы жөн гана Чубак кези эле. Мектептеги алдыңкы окуучу, ар бир иш чаранын көркү эле. Мектепти аяктап, Бишкекке окууга кетти. Анан эле Чубак молдо болот экен деген кеп айылда желдей тарады. Уккандын баары күлдү. Эми айылдыктардын пикиринде дин үйрөнгөн адам сөзсүз эле молдо болот деп түшүнчүбүз.
Бир топ жылдан соң мен да студент болуп борборго келдим. Айылдан алыс чыкпаган жаным күнүгө ыйлайм. Айылга кетким келет. Эриккенде Чубак ажыны көздөй жөнөйм, ал учурда Ислам институтунда мугалим эле. Ошол жердин жатаканасында жашачу. Мени олтургузуп коюп сабак өткөнү кетет. Келип мага тамак жасап берет. Көңүлүмдү көтөрүп жакшы кептерин айтат. Анан «карындашым, адам жакшы жашаса түз жүрсө, эч кимге жамандык кылбаса ал адам өлбөйт. Кудай аны тирилтет» деп айтып калчу. Жолуккан сайын ошол кебин кайталачу да. Анан бир жомок сыяктуу икая айтып берчү. Кийин мен ал окуяны эч жерден окуган да, уккан да жокмун. Ар нерсени айтып менин айылга кетем деген оюмдан калтырып жатаканама жиберчү…
Арадан жылдар өттү… ар кимибиз ар агым менен кеттик. Чубак акем мугалимден аалым, устаз, шейх деген даражалуу наамдардын ээси болду. Жакшылык-жамандыкта көрүшпөсөк мен да мурункудай батынып тынчын албай калдым. Маектешүү сунушун бош убактысы аз болгондуктан «кийинкиге» дечү. Мен да убактысы тартыш го деп тим болчумун. Ошондо эмнеге жабышып маек алып калган жокмун… Тирүү кезинде бир сөз жазбай, эми көзү өткөн соң китепти кантип жазам деп ыйлап жаттым. Көзүмдөн аккан жүзүмдү жууп жатты…сооронууга өзүмдү кармай албадым. Машиненин салону караңгы, мен терезеге тигилем, сапарлаштарга жалоорутуп көрүнгүм келген жок…

Чубак ажы студент кезимде айтып берген берген өлбөстүк тууралуу икаяга чындап ишенип алсам керек. Ал киши көзү өттү дегенде өлбөй тирилип кетсе керек деп күттүм. Качан кичи мекени Бай-Мундуз айылынын мазарында боз топуракка аралашып калганын көргөндө гана ишенимимден кайттым. Акем өзү токуп алган жомогу тура деген ойго токтолдум. Ал жомок өзү менен кошо кеткендей сезилди мага.
Терезени тиктеп акырын ыйлап келе жатам… Оюм он, санаам сан… Ошондо айтып берген жомогу эсиме келди. Ии адам өлбөйт дегени аты өлбөй, урпактарга айтылып калат дегени тура деген тыянак чыгардым да шуу үшкүрө китепти кантип жазам деген ойлорго сүңгүдүм…
Альбина Шадыбекова