Айтбекова: Саамайыман сылап, жытыма кумарланып жат!
26.10.2019Телеалпаруучу Назира Айтбекова өз ой толгоолору менен интернет баракчасы аркылуу бөлүшүп турат. Эмесе, кезектеги билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз.
— Сен мени издеп тапканда колумду коё бербе, макулбу? Ысып кетсем, көлөкөңдү бер. Үшүп кетсем, кучагыңда жылыт. Тентектик жайым бар. Асылып айлаңды кетирсем, кашыңды серпип, какпа. Ашыкча эркелеп жиберсем, «Эркетайым» деп саамайыман сыла. Сыртыңды салба, сырыңды төк. Түйдөктөй түпөйүл турса көңүлүңдө жайдары жайгарып алам. Ишен мага. Түндөсү далыңды салба. Үшүйм. Корком. Бооруңа башымды жөлөп уктайын. Саамайыман сылап, жытыма кумарланып жат. Эгизиңдей көр. Ээрчитип ал. Көлөкөңө көлөкөмдү катып басайын. Түнөш үчүн эмес түбөлүккө түтүш үчүн бол. Жашоонун оорун жалгыздайм дебе. Жаныңда жардамын берген мен болом. Мен сага күлгөндү, түпөйүлдү жазганды, жашоону сүйгөндү, жалгыздап эмес жандап басканды үйрөтөм. Жашообуздун соңунда 90 го чыгып, томолонуп калганда ыраазы болуп бири бирибизге, сүйүү оролгон өмүрүбүзгө алкыш айтып, ээрчишип, эрмектешип, Жараткандын жанына кетебиз. Жалгыз кетем дебе. Жалгыз кетирбе. Көрдүңбү, кызыктуу жашообуз бар. Сен мени күттүрбөй кел, макулбу?
Булак: Bulut.kg