Айсулуу Тыныбекова биринчиликти берген жок

Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи бойдон калды.

Өткөн аптада Африка чемпионатынын жыйынтыгы менен Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) балбандардын рейтингин жаңылаган. Бирден сегизге чейинки орунга жетишкен спортчулар упай топтоп, рейтингдеги ордун жогорулаткан.

Тыныбекова килемге чыкчу 62 килограмм салмак категориясы боюнча жети спортчу кыз менен күч сынашкан. Натыйжада Тунис өлкөсүнөн барган Марва Амри Африка чемпиону болуп, 18 упайга ээ болгон. Муну менен ал рейтингдин 9-сабына көтөрүлдү. Күмүш медаль уткан нигериялык Аминат Аденийи 16 упай алып, тизмеде 10-орунду ээледи.

UWW рейтинги жаңылангандан кийин да кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова мурдагыдай эле биринчи орундан түшкөн жок. Ал Нур-Султандагы дүйнө чемпионатынан алтын медаль утуп лидерликке чыккан. Учурда Тыныбекова 76 упайга ээлик кылат.

Кыргызстандык спортчунун артында 40 упайы менен болгариялык Тайбе Юсейн турат. Ал эми үчүнчү сапка «Европа оюндары-2019» турниринин жеңүүчүсү, украиналык Юлия Ткач илинген.

Булак: Спутник Кыргызстан