А.Тыныбекова Азия чемпиону болду
28.04.2019Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медалды жеңип алды. Ал финалдык беттеште япониялык Юкако Каваи менен кез келди. Юкако Каваи алгачкы мүнөттөрдө өзүнүн артыкчылыгын көрсөтүп, бир нече ыкмалары менен 6 упай топтоого жетишти. Тыныгуудан кийин кыргыз балбаны 4:6 упай менен атаандашына жакындап келди. Айсулуу Тыныбекова кийинки чечүүчү ыкмадан соң 8:6 упай менен алтын медалды илип кетти.
Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Ал буга чейин чейрек финалда Өзбекстандын балбаны Набира Эсенбаеваны 10:0 эсеби менен оңой эле жеңип алган.
Ал эми жарым финалда Айсулуу Тыныбекова Таиланддын спортчусу Салин Срисомат менен кез келип, берилген мөөнөттөн мурда эле жеңишке жеткен.
Айсулуу Тыныбекова кыргыз спортунун тарыхында Азия чемпиондугунун алтын медалын 3 жолу жеңген алгачкы спортчу. Алгачкы алтынды 2016-жылы, экинчи алтынды 2017-жылы жана үчүнчүсүн бүгүнкү жеңиши менен ала алды.
Булак: super.kg