Айнура Тургунбаева (Сакиш) мамлекеттик сыйлык алды

Айнура Тургунбаева (Сакиш) мамлекеттик сыйлык алды

30.08.2019 Выкл. Автор bulut.kg

31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстанда эмгеги сиңген аттуу-баштуу, бир топ кесип ээлеринин өкүлдөрү ар кандай даражадагы наамдарды алышты.

Бул жарлыктын негизинде Бишкек шаарындагы Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актрисасы, аттын кашкасындай таанымал “Сакиш” аттуу каймана атты алып жүргөн Айнур Тургунбаева Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти наамын алды.

Эскерте кетсек, актриса бир топ тасмаларга тартылып, комедия жанрындагы ролдорду аткарып келет.

Ал эми экинчи даражадагы “Манас” орденине КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова жана КР эл артисти, комузчу Самара Токтакунова татыктуу болду.

Булар менен бирге театрларда эмгектенген бир топ чыгармачыл инсандарга наамдар ыйгарылды.

Булак:zaman.kg