Аймактагы майрамдык иш-чара

Аймактагы майрамдык иш-чара

02.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Базар-Коргон районунда  1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан чоң иш чара Кеңеш айыл өкмөтүнүн Кеңеш маданият үйүндө уюштурулду. Иш чарада мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесиз балдарга ар түрдүү белектер демөөрчүлөр тарабынан тапшырылды. Райондун акими Айбек Бегимкулов Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман Бакиров балдарды майрамы менен куттукташты. Атайын таланттуу окуучулар тарбынан концерттик программа көрсөтүлдү. Ошондой эле майрамга келген жаш жеткинчектерге түшкү тамак уюштурулду.